Президент Сооронбай Жээнбеков 23-октябрда Нурбек Мурашевди кабыл алып, «рыноктун баасын алдын алуу, айыл чарба продукцияларын экспорттоо жетишсиз» болуп жатканын сынга алган.
Буга чейин дыйкандар картөшкө, жүгөрү, пияз, сарымсагын сата албай жатканын айтып чыккан. Айрыкча өкмөткө ишенип, картөшкөнү көп айдап алгандардын чыгымы акталбай турат.
Быйыл жыл башында айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев картөшкө менен жүгөрүнү Өзбекстанга экспорттоо маселеси да макулдашылганын билдирген.
Бирок жай айында Өзбекстан картөшкө алуудан баш тартканы жарыяланган.
Дагы караңыз ЕАЭБ: дыйканды томсорткон арзанчылыкМинистрликтин маалыматында, быйыл Кыргызстанда картөшкө 84 миң 500 гектар жерге айдалып, түшүмдүн жалпы көлөмү 1,5 млн. тоннаны түзгөн. Учурда картөшкө дүң базарда 8-10 сомдон сатылып жатат.
Экономист Эркин Абдразаков «өлкөдөгү партиялык саясаттан улам Айыл чарба министрлигине иштин көзүн билген адистер барбай жатат» деген пикирде:
- Парламенттик башкарууга таянып эле «министр биздин фракциядан болсун, бизден келсин» деп улак тартыш кылып жатабыз. Ушунун өзү кадр саясатындагы ката. Мисалы өзүнүн партиялашы болбосо деле «биздин фракциянын атынан барып иштеп бериңиз» деп башка адистерди сунуштаса болот да.
«Сөзсүз эле партиялык принцип менен кетебиз» деген түшүнүк болуп жатат. Тажрыйбасы мол, мурда Айыл чарба министрлигин, аграпромду башкарган азаматтарыбыз азыр бош жүрөт. Андай кишилерди конкурстук негизде кызматка алса болот да. «Мамлекеттик кадр саясатын жүргүзүү үчүн резерв түздүк» деп жатышат. Ал резервге кимдер киргенин мен түшүнбөйм. Компьютерди, тилди билгендерди эле жумушка алып жатышат. Аны менен курсак тойбойт да.
Ошол эле учурда ЕАЭБга кирген Орусия, Казакстан да айыл чарба өндүрүмүн киргизбей койгон учурлар катталып келет. Бул көрүнүш дагы аталган министрликке, өкмөткө болгон сынды күчөттү.
Академик Жамин Акималиев айыл чарба тармагын оңдоо үчүн бул тармакты жакшы түшүнгөн кесипкөй адисти алып келүүнү сунуштады:
- Айыл чарбаны оңой деп ойлобош керек. Бул абдан татаал тармак. Министрликке иштин көзүн билген киши барбаса болбойт. Айыл чарба министринин айыл чарба адистиги жок болсо кантип капаланбайсың? Нурбек Мурашев деген жигит Айыл чарба министрлигин башкарам деп элдин баарынын башын айлантып, шоруна калды. Ошондуктан эки сунушум бар: биринчиден, министрликтеги системаны түп-тамыры менен өзгөртүп, жакшыртуу керек. Экинчиден, министрликке айыл чарба адисин алып келүү зарыл. Мына ошондо 65 пайыз эли айылда жашаган өлкөнүн иши алдыга жылат деген ойдомун.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигиндеги кадрлардын саны дагы нааразылык жаратып келет. Учурда бул министрликте кыскартылгандан кийин 4,5 миң кызматкер калган. Ага чейин 5 миңден ашуун адис иштеген.
Ал эми министр Нурбек Мурашев өзүнүн дарегине айтылган сындарга макул эмес.
- Бул жерде адистик роль ойнобойт деп ойлойм. Мен айыл чарба тармагында иштеп жүргөм. Буюрса, айыл чарба продукциялары экспортко кетип жатат. Өзүңөр билгендей, картөшкө менен төө буурчак жыл сайын эле маселе болуп келет. Картөшкө учурда Өзбекстандын Ташкент, Анжиян шаарларынын базарында дүңүнөн 10-12 сомдон сатылып жатат. Ошондуктан бизден азыраак кетүүдө. Азыр 300-400 тоннанын тегерегинде сатылып жатат.
Мурашев эгер премьер-министр аны ээлеген кызматына ылайыктуу эмес деп тапса, кызматтан кетүүгө даяр экенин кошумчалады.
Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев өкмөт ишбилги адистерди сунуштоого убада бергенин, бирок аны аткарбай жатканын айтты:
- Бир эле министрге эмес жалпы министрликтин ишине парламент, эл начар баа берет. Премьер-министр өкмөт үчүн жеке өзү жоопкерчилик тартат. Бирок бул баягы эле кадр саясаты да. Премьер-министр жакында «акыркы учурда көрүп жатасыңар үч-төрт министрликке жаңы, жаш, таза кадрларды алып келдим» деп айтып кетти. «Азыр жакшыраак талдоо жүргүзүп жатабыз» деген жообун да бербедиби.
Нурбек Мурашев 1975-жылы Жалал-Абад облусунда туулган. Ал Ош технологиялык университетин бүтүргөн. Эмгек жолун Кочкор-Ата шаардык базарынан баштап «Агро Эсеп» фирмасында иштеген. 2000-жылдары «Мур Ашим» дыйкан чарбасында жетекчи болгон. 2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигин 2016-жылдан бери башкарып келет.
Мурашев буга чейин чоң муштум саясатчы атыккан жайы бар. Ал 2014-жылы Улуттук госпиталдын дарыгери Жамалбек Тургумбаевди сабап, прокуратура ага каршы «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Былтыр Жалал-Абад облустук милициясы Кадыр Матисаков аттуу жаран аны Мурашев токмоктогонун айтып, арыз жазганын кабарлаган. Бирок министрлик бул маалыматты четке каккан.