Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

Талас: кайналы төгүлгөн терди актабады


Кайналы.
Кайналы.

Таласта төө буурчакка тете киреше берген кайналынын баасы быйыл арзандап кетти. Маселен, жыл сайын килограммы 20-25 сомдон сатыла турган бул жемишти быйыл 10-15 сомдон гана сатып жатышат.

Бакай-Ата районунун тургуну Ырыс Эшимбекованын үйүнүн короосунда 30 сотых жерде кара өрүк (жергиликтүү эл кайналыны ушинтип атайт -ред.) өсөт.

- Баасы чыкса эле саталы деп отурабыз. Жылда 20-25 сомдон башталып, 40 сомго чейин чыкчу. Быйыл 10 сомго сурап атышат. 10 сом чыгымды актабайт да. Төккөн терибиздин акыбети кайтса, ичкен-жегенибиз кенен болсо… Балдар окуйт, алардын кем-карчы бар. Элге кыйын эле болду.

Ак-Дөбө айылынын тургуну Салика Сариева ортомчулардын пайда көрүү аракети деп сыпаттады:

- Мурда өрүктү сырттан келгендер көчөмө-көчө кыдырып алып кетчү. Ар бир тургун өзү барып сатчу. Быйыл ар бир айылда точкалар ачылып калган. Ал жерде өзүбүздүн эле тургундар алып жатат. Менин баамымда ортомчулар эле пайда көрүп жатат. Буга чейин кара өрүк он сомго түшкөн эмес.

​Бирок бул кайналыны элден сатып алып, учурда Орусияга жөнөтүп жаткан Элмира Бүркүтбаеванын айтымында, баанын арзан болушуна ортомчулар күнөөлүү эмес.

- Былтыркы, мурдагы жылдарга салыштырмалуу арзан. Бирок айла жок. Орусиядагы кожоюнумдун айтканы боюнча өрүктүн килограммы ал жакта 30 рублдан сатылып жатат. Булардын жолу, тамак-ашы жана башка чыгымдар ал акчаны деле актабайт дейт. Ошого карабай ал муздаткычка салып, сактайт экен, - деди Бүркүтбаева.

Аймакта өрүктүн арзан болуп жатканына ортомчулар себепкер деген пикирди Бакай-Ата районунун айыл чарба департаментинин жетекчиси Мирлан Исабеков да четке какты.

22-сентябрда "Ата Мекен" фракциясы Таласта көчмө жыйын өткөргөн. Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүндө чогулгандар айыл чарба жана билим берүү тармагындагы маселелерди талкуулашкан.

Кайналынын түшүмү мол болгону менен баасы арзан болууда, Талас.
Кайналынын түшүмү мол болгону менен баасы арзан болууда, Талас.

​Жыйында жаш активист Адилет Токторбаев маселени чечүү жолун издебей жатат деп жергиликтүү бийликти айыптаган.

- Бүгүнкү күндө Талас облусунда Жерүйдөн бөлүнгөн акчага ар бир айыл өкмөттө спорт аянтчалары салынып жатат. Менимче, бул пландын жоктугунан болуп жаткан иш. Албетте, спорттук аянтчалардын болгону жакшы. Бирок кичинекей Талас облусуна ошончо аянтчанын кереги барбы, ал жергиликтүү бюджетке пайда алып келеби? Андан көрө облуска кара өрүктү кургата турган мини цехтер курулса, көйгөй чечилмек. Жаңы үзүлгөн жемишке караганда анын кагын он эсе кымбат сатса болот.

Дыйкандардын тынчсыздануусуна облус жетекчиси Марат Мураталиев жооп берип, учурда кайналыны сатуу үчүн рынокту изилдеп жатышканын айтты:

Марат Мураталиев.
Марат Мураталиев.

- Эми бул рынок да. Арзан болуп жатканын биз изилдеп атабыз. Рынокту мен эмес, менден чоңдор калыбына келтире албайт. Азыр Челябинск менен сүйлөшүп жатабыз. «Кара өрүк керек болсо ишкерлериңерди жөнөткүлө, биз бул жактан таңгактап беребиз» деп айттык. Башка нерсе колубуздан келбейт экен.

Ал эми айыл чарба министринин оруна басары Жаныбек Керималиев таластык дыйкандар бул жемишти өстүргөнү менен экспортко даярдаганды үйрөнө албай жатканына токтолду.

- Мисалы, Аксыда кайналыны өстүрүү, кургатуу боюнча технологияны жакшы сакташат. Талас өрөөнү бул жемишти жаңы өстүрө баштады. Агротехникалык кароо деген болушу керек. Мисалы, өрүктү экспортко чыгаруу үчүн акыркы сугаттын кереги жок. Ал кургак болуп турушу керек. Баанын арзан болушуна ушунун да таасири тийди. Чет жакка чыгарганга жарабай жумшак болуп калды.

Талас облусундагы Бакай-Ата районунда 51 гектар жерде кайналы тигилген. Жергиликтүү багбандардын айтымында, жылда бул жердин кара өрүгүн Өзбекстан жана Казакстандан келген соодагерлер жүктөп кетишчү. ​

Википедиядан: Кайналы, кара өрүк (лат. Prunus) - өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумундагы дарак же бадал. Бийиктиги 3-12 метр. Ак же кызгылт түстөгү гүл ачат. Мөмөсү бир данектүү. Апрель-май айларында гүлдөп, август-сентябрда бышат. Суукка чыдамдуу келет.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ) өлкөлөрүндө жети түрү белгилүү. Мөмөсүндө 9-22% кант, 0,14- 1,43% органикалык кислота, азоттуу зат, А, С, К жана В тобундагы витаминдер, минерал зат жана микроэлементтер болот: мөмөсү желет; кыям, шире, повидло жана башка кондитердик азыктар даярдалат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG