Кан жолдогу “майдан”

Бишкек.

Кыргызстанда 2017-жылдын үч айында 1 169 жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 148 адам каза болуп, 1 886 киши жаракат алган.

Укук коргоо органдары жол кырсыктары көбүнчө айдоочулардын жогорку ылдамдыкта жүргөндүгүнөн жана каршы тилкеге чыгуусунан улам болорун айтышууда.

Ал арада жарандык коом өкүлдөрү өкмөткө жол кырсыктарын азайтуу боюнча чараларды көрүү талабын катуу коюп, онлайн кол топтоо башташты.

Ага бир жуманын ичинде эки миң киши кол коюп, колдоосун билдирди. Өкмөт да, Жогорку Кеңеш да жол кырсыктарын талкуулап, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашпай жатканын мойнуна алды.

“Азаттыктын” "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында жол кырсыктарынан жабыркагандардын тагдырлары баяндалды. Ошондой эле азыркыга чейин коомчулуктун талкуусунан түшпөй келаткан 21-апрелде Бишкекте эки окуучуну сүзгөн жол кырсыгынын чоо-жайы иликтенди.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кан жолдогу “майдан”