Дача СУ: жүрөктү көзөгөн кырсык

Дача-СУ. 16-январь, 2017-жыл (архивдик сүрөт)

2017-жылы 16-январда Дача СУ айылына кулаган учак 39 адамдын өмүрүн жалмаган. Учактагы жүктүн ээси ушул күнгө чейин табыла элек.

2017-жылдын 16-январында эртең менен жети жарымдар чамасында түркиялык компанияга таандык "Боинг-747" үлгүсүндөгү жүк учагы Бишкектин түндүк тарабындагы "Манас" аба бекетинин жанына кулап түшкөн.

Кырсык аба майдандын жанындагы Дача СУ айылынын 35 тургунунун, андан тышкары учактагы төрт учкучтун өмүрүн алган.

Ошол кезде айтылган маалыматтар боюнча, Түркияда катталган MyCargo компаниясына таандык “Боинг-747” үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак Гонконг-Бишкек-Стамбул каттамы боюнча учкан. Аны “Түрк аба жолдору” компаниясы жүк ташууга убактылуу жалдаган. Ал учак “Манас” аба майданынан күйүүчү май куюп, тыным алган соң кайра Стамбулга учууга тийиш болгон.

Дача-СУдагы каргаша. 16-январь, 2017-жыл

Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин (МАК) алдын ала отчетунда белгилүү болгондой, авиакырсык учактын командири учуу-конуу тилкеси менен байланыш жок болгондуктан экинчи айлампага кетүү боюнча буйрук бергенден кийин болгон.

Мындан тышкары конуу учурунда капитан байланыш жоктугу тууралуу маалымат айтып, андан кийин "flare автопилот" режимине өтүп, жарым секундадан кийин экинчи айлампага кетүү тууралуу кнопка басылганы катталып калганы жазылган.

«Бул аракет кыймылдаткычтардын ишин күчөткөн, кнопка басылгандан 3,5 секунддан кийин учак кырсыкка кабылган. Ошол кезде учактын ылдамдыгы 165 узелди (саатына 305 чакырымдай ылдамдыкты) түзгөн", - деп белгиленген отчетто.

МАКтын эксперттери аэропортко жакын жерлерде курулуштардын эрежеге дал келишин талдоого, мыйзам бузуулар болгон учурда тиешелүү чараларды көрүүгө чакырган. Ошондой эле кыргыз тарапка учуу коопсуздугун жогорулатуу сунушун берген.

Ал эми Дача СУ айылынын тургундары элди коопсуз аймакка көчүрүү жана кырсыкка жоопкерлерди таап, жазалоо талаптары менен бир нече ирет митингге чыгышкан.

Дача-СУ конушунун тургундары. 14.03.17

Расмий маалымат боюнча кырсыктан кийин айылдагы 19 үй түп орду менен бузулуп, жети үй жараксыз абалга келген. 12 үй жарым-жартылай кыйраган. Мындан сырткары чарбалык курулуштар, мал-жанга кесепети тийип, автоунаалар талкаланган. Анан да энергетика тармагы жабыркап, аэронавигациянын жана аэропорттун мүлкү зыянга учураган. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга кеткен чыгымдар да эсептелген.

Кырсыктан жабыркагандарга элден жардам чогултулган. Өкмөттүн маалыматы боюнча, ӨКМдин атайын эсебине 102 млн 160 миң 180 сом түшкөн.

Өкмөт чогулган акча калыс, текши бөлүштүрүлгөнүн, ушу тушта жети жаран үй-жай алганын айтканы менен коопсуздук чараларынан улам кимге канча акча тийгени ачык көрсөтүлбөй турганы белгиленген.

Ал эми жүк ташып бараткан түркиялык авиакомпания кенемте төлөп бергенин президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары, кырсыктын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы Мухамметкалый Абылгазиев быйыл 13-январда кабарлады.

- Акчалай жардамдарды каза болгондордун жакындары өздөрү бөлүштүрдү. Түрк компаниясы төлөгөн кенемтенин суммасы курман болгондордун жакындарынын каалоосу боюнча ачык айтылган жок. Кенемтенин суммасы дүйнөдө болуп көрбөгөндөй деңгээлде төлөндү, эч ким нааразы болгон жок, - деди Абулгазиев.

Учак кырсыгынан жабыркагандардын өкүлү Венера Шейшенова өкмөттүк комиссияга нааразылыгы жок экенин билдирип, бийлик органдары жабыркагандардын бардык маселелерине көмөк көрсөттү деп айтты.

2018-жылдын 13-январында Дача СУ айылында учак кырсыгынан каза тапкандардын эстелигинин ачылышы болгон.

Бүгүн ошол Дача СУ конушунда туура бир жыл мурун учак кырсыгынан каза болгондор эскерилди. Кырсык болгон жерде жергиликтүү жашоочулар, кырсыктан жабыркагандар жана жакындарын жоготкондор, жарандык активисттер куран окутушту.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Учак кырсыгынан каза болгондорду эскерүү

Ошондой эле учак кырсыгынын курмандыктарын эскергендер маркумдарга арналып тургузулган эстеликтин алдына гүл коюшту. Бийлик өкүлдөрүнөн иш-чарага Сокулук акимиятынын өкүлдөрү катышты.

Дача СУ: эстелик жанындагы ый