"Мекендештер": Мигранттын ар бир салымы баалуу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында "Мекендештер" форуму өтүп жатат. “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду уюштуруп келген “Мекендештер” форумуна ар кайсы мамлекетте жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктар чогулат. Эки жылда бир жолу өтүүчү форум быйыл төртүнчү ирет уюштурулду. Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышууда. Бул иш-чара уюштурулгандан бери президент биринчи жолу катышуусу.