Коом жүгүн көтөргөн апалар

Бууниса Термечикова учурда 59 жашта. Бууниса апа бир канча эл аралык деңгээлдеги фестивалдардын катышуучусу жана жеңүүчүсү. Ал кыргыз улуттук кийимдеринин коллекциясын түзгөн жана анын “Мурас” аттуу коллекциясында бүгүнкү күндө ондон ашуун урууга таандык формалар камтылган. Учурда Алай районунун Сары-Могол айылында “Ууз-Даткалар” коомдук бирикмесинин төрайымы.

Саты Бакирова.1940- жылы 10-январда Нарын районунун Жерге-Тал айылында туулган. Саты апа 13 баланын энеси. Алты кыз, жети эркек баласы бар.

Чыныхан Эралиева. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну. 1945-жылы 8-мартта төрөлгөн. 11 баланын энеси. Киров айылынын активист айымдарынын бири.

Тажи Турсункулова 45 жылдан бери шаарды кооздогон гүлдөрдү өстүрүп келет. Ал Ош шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу башкармалыгынын кызматкери. Учурда 56 жашта, үч кыз, бир уулдун энеси. Ош шаардык мэриясынын жана башкармалыктын ардак грамотасын алган. 

Шайырбүбү Мамбетова Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актриса. 47 жылдан бери театр тармагында иштеп, сексенге жакын ролдорду жараткан. Ал жараткан ролдордун катарында Чынгыз Айтматовдун "Фудзиямадагы кадыр түн" чыгармасындагы актриса Гүлжандын, "Найман эне" чыгармасында Найман эненин, С. Раевдин "Таажы" пьесасында актрисанын, Гоголдун "Текшерүүчү" чыгармсындагы Мария Антоновнанын, "Ак кеме" чыгармасында Момун чалдын аялы Чаар кемпирдин образдары бар.

Гүлбара Уматалиева футбол боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу. Ал улуттук курама команданы эң алгачкы оюнунан бери жетектеп келет жана Кыргызстандагы футбол боюнча саналуу гана аял машыктыруучулардын бири. 

Гүлбүбү Исаева 20 жылдан бери Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жашайт. Электр жарыгын колдонгону үчүн акыны Кыргызстанга төлөсө, жер салыгын коңшу өлкөгө берет. Союз урагандан кийин Кыргызстан тарапка көчпөй, эски журтунда кала берген. Тогуз баланын апасы. Айрым балдары чет мамлекетке акча иштеп табууга кеткендиктен, азыр Гүлбүбү Исаева неберелерин багып жатат. 

Азимгүл Жакшылыкова "Умай эне" коомдук фондунун жетекчиси. Ысык-Көлдө активист аял, кыргыздын улуттук баалуулуктарын аздектеп келген аялзаты.

Замиркүл Султаналиева Нарын шаарындагы "Ынтымак" балдар бакчасында 46 жылдан бери тарбиячы болуп иштеп келет. Төрт баланын энеси жана Нарын шаарынын ардактуу атуулу. Билим берүүнүн мыкты кызматкери жана Кыргыз Республикасынын ардактуу айымы.

Аида Балтабаева филолософия илимдеринин доктору, профессор. Ал жакында эле «Турналар жаздын деми» аттуу көргөзмөсүн койду. 
 

Айниса Амирова Баткендеги базарлардын биринде сатуучу болуп иштейт. Төрт баланын энеси. Ал 60 жаштан ашкандан кийин гана ишкердик менен алектене баштаган. 

Нарынса Абдилатканова баатыр эне. Ал Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы Баткен районунун Чарбак айылында жашайт.