Намыска жараган футболчу кыздар

Кыргызстандык футбол калысы Малика Кадырова командаларды беттешке алып чыгып бара жатат.

Борбор азиялык футбол ассоциациясынын чемпионаты Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында 11-июнда башталган.

Кыргызстандык спортчу кыздар мелдеште жалпы төрт беттеш өткөрдү. 

Борбор азиялык футбол ассоциациясынын чемпионатына беш өлкөнүн - Кыргызстан, Өзбекстан, Иран, Ооганстан жана Тажикстандын командалары катышты.

Кыргызстандык футболчу кыздар ирандык атаандашытары менен беттешип жаткан учуру. Сүрөттө Иран курама командасынын дарбазачысы. 

Мелдеш айлампа ыкмасы менен өтүп, жеңүүчү команда топтогон упайдын эсеби менен аныкталат.

Кыргызстандын 20 жашка чейинки кыздардын футбол боюнча курама командасы оюн алдында. 

Тажикстандык атаандаштар менен болгон беттеш.

Кыргызстандык оюнчулар тажикстандык атаандаштарын 3:0 эсеби менен утуп алды. Бир голду Татьяна Казначеева, эки топту Адинай Дүйшөбаева киргизип дубль жасады.

Кыргызстандык калыстар - Малика Кадырова (ортодо) жана Рамина Цой (оңдо) CAFA WOMEN’S CHAMPIONSHIP мелдештеринин оюндарына калыстык кылды. 

Гол киргизгенден кийинки кубаныч. 

Топ кубалап бара жаткан кыздар. 

Кыздардын футбол мелдештери мырзалардын беттешинен ашса ашат, бирок кем калбайт. 

Кыргызстандык спортчулар төрт оюнда эки жеңишке жетип, алты упай топтоду.

Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки кыздардын курама командасы бул мелдеште үчүнчү орунду алды.

Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки кыздардын курама командасынын оюнчусу

Кыргызстандык футболчу кыздар өзбекстандык атаандаштары менен. 

Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки кыздардын курама командасы Борбор азиялык футбол ассоциациясынын чемпионатында (CAFAU-20) үчүнчү орунду алды.