Кыргызстанда жашоо коопсузбу?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

КМШ мамлекеттеринин арасынан Кыргызстандын жарандары өздөрүнүн коопсуздугу камсыздалган эмес деп эсептешет. Америкалык Gallup институтунун 135 өлкөдөн 136 миң адамды камтыган сурамжылоосунун жыйынтыгында ушундай тыянак чыгарылат. Сурамжылоодо адамдардын өздөрү жашаган аймактагы кылмыштуулук жана тартип коргоо органдарынын иши тууралуу ой-пикири талдоого алынган. Сингапурдун тургундары өздөрүн эң коопсуз сезишсе, андан кийинки орунду Өзбекстан ээлеген. Тажикстан менен Түркмөнстанда да көрсөткүчтөр бир кыйла жакшы. “Азаттык” Бишкектин тургундарына кайрылып, “Кыргызстанда жашоо коопсузбу?” деген суроону узатты.