Элимдин көрөңгөсү: Памирге саякат

Баш-Күмбөз айылы Мургабдан Тоолуу-Бадахшан автоном обласынын борбору Хорогго бараткан жолдо, 4000 метр бийиктиктен өйдө жайгашкан. Ооган кыргыздары мекендеген Түштүк Памирден болгону 30-40 чакырым аралыкта. Солдогу боз үйдөй томолок имарат мурда Мургабда турган СССРдин абадан коргонуу күчтөрүнүн космоско байкоо жүргүзгөн локатору болгон. Азыр ал жергиликтүү мектепке спорт оюндарын өткөрүүгө берилген.

Убайдылда айлына жээни, сүрөттөгү Палмиранын тоюна карап барды. Палмира Бишкекте филологияны окуган, азыр Мургаб район борборундагы Назар Карабаев атындагы орто мектепте кыргыз тилинен сабак берет. Мургабда кыздарды ала качкан учурлар сейрек эмес, бирок Палмира сүйлөшкөн жигитине баш кошту.

Баш-Күмбөздөгү мектеп-интернатта жергиликтүү тургундар менен катар кокту-колотто мал артында жүргөндөрдүн балдары да окушат. 20 балага эсептелген интернатка жакында Хорогдон гумжардам келди, ал эми Душанбе өкмөтү имаратты толугу менен оңдоп берүүгө сөз берүүдө. Убайдылда бул мектепте убагында сегиз жыл сабак берген.

Убайдылданын бир тууганы жолчу. Сүрөттө инисинин балдары жолчулар жайгашкан жатактын алдында турушат. Ошту Хорог менен бириктирген атактуу Памир-трактын оңдогон жумушчулар ушул жерде жатып иштешет. Имараты оңдолбогон, тамак-ашы да начар. Бирок жумушсуздук 80 пайызга жеткен Мургабда ушуга да шүгүр дешет.

Мургабдын Кыргызстан менен маданий алакасы өтө солгун, ошондуктан кыргыз шайырлары келсе, Сары-Кол дуулдап калат. Сүрөттөгү балдардын оңдогусун төрт жыл мурда Мургабга оюн коюп келген куудул Талант Анарбаевдин урматына Талант деген ат коюшкан. Таланттын энеси кесел болуп, Убайдылданын келинчеги аны багышып жүргөн. Мургабда СССРдин тушунда эле бийик тоолуу шартка байланыштуу эне-баланын өлүмү өтө жогору болгон, тургундар кийинки кездери медициналык шарт дагы начарлап кеткенин айтышат.

Быйыл Баш-Күмбөздүн эрмеги ушул мамалак болду. Койчуман Меңдибай күрөң аюну-энесин четтен келген аңчылар атып кеткенден кийин кармап алып, тоого алып барып таштаса, мамалак кайра келип алган. Ошондон бери атын Миша коюп алып багып жүрөт. Убайдылда да Мишаны эркелетип, бир топ ээрчитип жүрдү.

Сүрөттө: Убайдылда койчуман Меңдибайдын мамалакты ээрчитип баратканын сүрөткө тартып, Кыргызстандагы досторуна жөнөтүп жаткан кези. (Сары-Колдо күн ачуу тийгендиктен, адамдар жүздөрүнө жоолук байлап алышат) Күрөң аю Сары-Колдогу сейрек жаныбарлардын бири гана. Памирди дагы кыргыз аздектеген аркар-кулжа, ак илбирс, карышкыр, улар, бүркүт мекендейт. Тажик өкмөтү чет элдик аңчыларга лицензия сатуудан бир сезондо жарым миллион доллар пайда көрөт.

Чүкөнү Сары-Колдо ашык дешет. Убайдылда Памирдеги эс алуусунун көбүн ашык атып өткөрдү. «Эртеден кечке курсак ачканына, суукка тоңгонубузга кайыл болуп, күндүн заар тийгенине колдорубуз бырышып, кургап калганына карабастан, шамалды да тоотпой, ордо ойнодук» дейт сарыколчу.

Абдылаат Ибраев Баш-Күмбөздүн ардагер мугалими жана ашык атуунун чемпиону.
 

Сүрөттө Абдылаат аксакал ашык атып жаткан чак. Мургабда ашык ордо тойлордо ойнолот, той ээси сөзсүз байгеге топоз же эчки коет. Ал эми майдараак майрамдарда, же өз арасында достор торт сайып деле ойной беришет.

Убайдылда илгери Сталиндин убагында кармалган Зардалы деген жердеши атылган жердеги мазарга да барып келди. Ал каардуу замандарда мургапчыларды кармап, Ошко же Хорогго деп арабага салып, же жөө-жалаңдатып алып кетишкен. Канчасын айылдан чыкканда эле буйдоо жерде атып салышканы белгисиз.

Сүрөттөгү Актам зоо Убайдылда жаш кезинде далай кийик аткан жерлер. Кийиктен аркар өзгөчө бааланат, анын салмагы 200, мүйүзү 20-30 килограмга жетет. Дүйнөдөгү эң ири жапайы кой деп саналган аркар Борбор Азиядагы эң көркөм жаныбарлардын бири катары да белгилүү.

Сары-Колдо кышы бою ойнолгон ашык ордо оюндарынын биринде сүрөттөгү Сүйүнбай жеңүүчү болуп, сыйлыкка мына ушул шырдакчаны жана ак калпак алды. Ал эми киндик каны тамган айлында болуп, сагынычы аз-маз тараган Убайдылда кайра Кара-Балтага кайтты.

Төрт жылдан бери сары өзөн Чүйдү жердеген сарыколчу Убайдылда Шайымов жакында киндик каны тамган айылына барды. Түштүк Памирдин Баш-Күмбөз айлында өзү иштеген мектептен кабар алып, жээнин күйөөгө берип, айылдын турмушунан кабар алып кайтты.