Таласта соттон акыйкат таппаган айылдыктар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

8-февралда Талас шаарында Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын тургундары сотторго ишенбөөчүлүк билдирип, облустук соттун алдына нааразылык акциясына чыкты. Көк-Сай айылынын тургундары ушул эле айылда жашаган Султаналиевдердин кысымына кабылганын буга чейин да айтып чыгышкан. Султаналиевдер болсо уруучулуктун айынан жалган жалаага калганын айтышат.