Илдет Таласты да жүдөтө баштады

Талас облусунун алгачкы айылы Талды-Булакта санитардык көзөмөл пункт жайгашкан.

Өлкөдө карантин жарыялангандан тартып Таласка киргендердин баары коронавирусту аныктоочу тест тапшырган соң гана өтөрүлүп келген. 

Облуска кирип жаткан айдоочулар өзүлөрүнүн жана жанындагы жүргүнчүлөрүнүн жеке маалыматын, байланыш телефондорун жана автоунаасынын номерин каттоодон өткөрүп киришет. 

Дүйшөмбү күн Талас шаарында санитардык күн деп жарыяланган.

Бул күнү шаардагы дүкөндөр, мончолор, кафелер, базарлар жана башка коомдук жайлар жабык.

Милиция кызматкерлери коомдук жайлардагы санитардык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөөдө. 

Башка шаарлардай эле Таласта велосипед тепкендер көбөйгөнүн байкоого болот.

Ал эми көп кабаттуу үйлөрдүн короолору бул күнү дезинфекцияланат.

Өлкөдөгү коронавирус илдети эң аз 83 учур Талас облусунда катталган.

Талас облусуна коронавирус илдети кеч жетти. Көптөр буга жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ырааттуу иши себеп болгонун белгилешет.