Сузакта мигранттын баласы токмоктон чарчап калды

Иллюстрациялык сүрөт.

Сузак районунда эки жашар бала ур-токмоктон каза болгону айтылууда. 27-январда туугандарынын колунда багылып жаткан бала ооруканага чарчап калгандан кийин жеткирилген. Окуяны ички иштер органдары иликтеп жатат.

27-январда түш ченде чарчап калган баланы Сузак районундагы Октябрь аймактык ооруканасына туугандары алып келишкен. Медициналык кароо учурунда дарыгерлер баланын денесинде көгала тактар болгонун байкашкан.

Оорукананын балдар бөлүмүнүн башчысы Сейит Бузурманкулов ошол замат укук коргоо органдарына кабар беришкенин айтты:

Сейит Бузурманкулов.

- Ооруканага келгенде бала дем албай, жүрөгү токтоп калган экен. Денеси эбак эле муздап, үйдөн эле каза болуп калгандай туюлду. Бет жагында көгала издер болгонун байкап, аны алып келген жакындарынан сурап көрдүк. Алар бешикке тийип, ошонун айынан көгөрүп кеткенин айтышты. Ошол учурда травматолог дарыгерлерди чакырып, денесин текшерип көрдүк. Санында, буттарында да көгөргөн издер бар экенине күбө болдук. Дене табы көтөрүлбөгөнүн, кечинде бир аз жөтөлгөнүн айтышты. Бирок бала андан чарчап калышы мүмкүн эмес, ошондуктан биз денесине алган жарааттан улам каза болгонун болжоп жатабыз.

Бул факт боюнча Сузак райондук ички иштер бөлүмү Жазык кодексинин «Денеге оор залал келтирүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Кылмышка шектүү катары баланы убактылуу багып жаткан аял суракка алынып жатат. ​

Сузак районундагы Октябрь аймактык ооруканасы.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев шектүү аялдын бөгөт чарасы азырынча карала элек экенин айтты:

- Тергөө тобу окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзүп, тиешелүү материалдар чогултулуп, бирдиктүү реестрге катталды. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуяга тиешеси бар бир топ адамдар суракка алынып жатат. Шектүү катары каза болгон баланын жеңеси суракка алынып жатат. Анын да колунда ымыркайы жана мектеп курагындагы башка балдары болгондуктан бөгөт чарасы каралган жок. Бирок ага карабай окуя тыкыр иликтенип жатат.

Маалыматтарга караганда, каза болгон наристе 2017-жылдын сентябрь айында төрөлгөн. Ал үй-бүлөдө эки бир туугандын кенжеси болчу. Эжеси алты жашта. Былтыр октябрь айында атасы балдарын тууганына таштап, өзү Орусияга иштегени кеткен. Балдардын апасы бир жыл мурда каза болуп калган экен.

Сузак райондук эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Абдукерим Мусаев бул үй-бүлөнүн шартын айтып берди:

Абдукерим Мусаев.

- Балдардын апасы биздин маалымат боюнча 2019-жылдын февраль айында каза болуптур. Андан кийин балдарды Ноокат районундагы таенеси карап калып, атасы мигрант болуп кеткен. Октябрь айында аялдын жылдык ашын өткөрүү максатында атасы келип, балдарды бир тууган агасынын аялына таштап кеткен. Атасы Орусиянын жараны, апасы өлгөнгө чейин Сузак районунан каттоодон чыгып, орус жарандыгын алганга аракет кылып жаткан. Ошондуктан биз алардын балдарын каттоого алган эмеспиз, бул багытта маалымат болгон эмес.

42 жаштагы баланын атасы Орусиядан келип, учурда тергөө менен кызматташып жатат. Анын өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Абдукерим Мусаев райондук үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмү тарабынан баланын мыйзамдуу өкүлү дайындалганын кошумчалады: ​

- Биз баланын атасы менен жолугушуп, анын оюн угуп көрдүк. Ал бул иш мыйзам чегинде тергелип, жыйынтык чыгарын билдирип жатат. Бирок ага карабай Сузак райондук милициянын тергөөчүсүнүн аныктамасынын негизинде чарчап калган баланын укугун коргоо максатында биздин кызматкер мыйзамдуу өкүл болуп дайындалды. Эми ал социалдык кызматкер атасы менен бирдей укукта болуп, сотто баланын тарабын талашат. Анткени кыргызчылык кылып, атасы тосмо арыз жазып берип коюшу мүмкүн. Ушундан улам биз окуяны акырына чейин көзөмөлдөп, мыйзамдуу чечилишин талап кылып турабыз.

Сузак району, Октябрь айылы. 30-январь, 2020-жыл.

Бул үй-бүлө Сузак районунун Октябрь айылында жашайт. Баланы убактылуу багып жаткан чоң апасы окуядан кийин ден соолугу начарлап, дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Ошол себептен өзүнөн маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Наристе тарбияланган айылдагы бала бакчанын кызматкери Жамийла Абдуллаева мындай дейт:

Жамийла Абдуллаева.

- Ал бала былтыр декабрь айынан тартып биздин бакчада 6 жаштагы эжеси менен тарбияланып жаткан. Бирок январь айынан тартып келбей жаткан. Эмне болгонун сурасак, «ооруп жатат» деп айтышкан болчу. Аны багып жаткан аялдын да бир баласы ушул бакчага келет. Ал ачык мүнөз, шайыр келин. Балдарды да тыкан кийинтип, таза кармайт. Окуяны угуп алып биз да таң калып жатабыз. Каза болгон бала акылы тетик, жакшы бала болчу.

Сузак району боюнча 3300гө жакын баланын ата-энеси эмгек миграциясына кетип, алар жакындарынын колунда тарбияланып жатат. Район боюнча балдарды караган үч гана социалдык кызматкер эмгектенет.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мигрант эненин наристеси чарчап калды

11-январда Ысык-Көл облусунда туугандарынын колунда калган бир жашар кыз оорукананын жандандыруу бөлүмүндө бир күн жатып, эсине келбей чарчап калган. Соттук-медициналык экспертиза наристенин өлүмүнө токмоктун уусу себеп болгонун аныктаган. Кыздын атасы былтыр кайтыш болуп, апасы Түркияда миграцияда жүргөн.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, акыркы беш жылда балдарга карата жасалган зомбулук күчөгөн. 2014-жылы 143 учур катталса, 2018-жылы бул көрсөткүч 187ге жеткен. Ал эми 2019-жылдын 9 айында эле зомбулук фактылары 255ти түзгөн. Бул көрсөткүч өлкөдө балдарга карата ур-токмок, өлтүрүү, зордуктоо дээрлик күн алыс катталат дегенди ырастайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​