Шайлоо алдында «Супер-Инфонун» жетекчилиги кызматтан кетти

«Супер-Инфо» гезити.

«Супер-Инфо» гезитинин директору баштаган үч адам кызматтан кетти. Жетекчилик орундан бошогон кызматкерлер басымдан улам ушундай кадамга барууга аргасыз болушканын билдиришүүдө.

Иштен кеткен кызматкерлер «жазгандарыбыз бийликке жакпай калды» деп жүйө келтирип жатышат.

Маалыматка караганда, «Супер-Инфо» гезитинин директору Шаиста Шатманова баштаган үч кызматкер «саясий позициялар туура келбей калганына байланыштуу» жумуштан кетүүгө арыз жазышкан. Алар - Шатмановадан тышкары «Super.kg» сайтынын директору жана сайттын башкы редактору. Бул тууралуу маалыматты Шатманова 11-августта «Азаттык» радиосуна ырастады.

Шаиста Шатманова.

«Гезиттин негиздөөчүсү Кылычбек Султан жана гезиттин жетекчилиги былтыр соттон, сурактардан башыбыз чыкпады. Ошол кезде Кылычбек Султан гезиттин, жамааттын келечеги үчүн гезиттен четтөөгө аргасыз болгон эле. Андан кийин гезит менин жетекчилигимде оппозициялык багытта ишин улантып келди. Бирок ар кандай басымга байланыштуу негиздөөчүлөрдүн катарынан чыгууга аргасыз болдум. Бүгүнкү кырдаалга байланыштуу толугу менен кетүүгө туура келди», - деди Шаиста Шатманова.

Ал «Супер-Инфо» гезити өз ишин уланта берерин жана басылма көптөн бери иштеп келаткан адамга өткөнүн кошумчалады. Ал кетип жаткан кызматкерлер ким менен саясий позициясы келишпей калганын айткан жок.

Июлдун аягында «Супер-Инфонун» негиздөөчүсү, Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси менен бир нече ирет сурак берип чыккан.

Кылычбек Султан.

Султан муну бийликке сын айтканы менен байланыштырган. УКМК Кылычбек Султандын Кыргызстандын Түштүк Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп жүргөндө кызмат абалынан пайдаланышы ыктымал экендигине байланыштуу сотко чейинки териштирүүгө алынган бир катар эпизоддор боюнча «иликтөө-текшерүү иштери жүрүп жатат» деп түшүндүрмө берген.

Кылычбек Султан негиздеген, Кыргызстандагы көп тираждуу «Супер-Инфо» гезити менен эң окумдуу Super.kg порталынын юридикалык кожоюндары алмашканы тууралуу маалымат тарап, басылма Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун колуна өткөнүн Factcheck.kg маалымат порталы жазып чыккан. Гезиттин түзүүчүсү, мурдагы элчи Кылычбек Султан муну четке каккан.

Factcheck.kg сайтынын редактору Болот Темиров гезиттин Райымбек Матраимовго байланышы бар-жогун иликтеп чыккан маалыматы менен бөлүштү.

Болот Темиров.

«"Супер-Инфонун" жаңы кожоюндары Матраимовдун жердеши, карасуулук болушат. Кожоюн алмашкандан кийин «Супер-Инфонун» жамааты «Элдорадо» соода борборуна көчүп барды. «Элдорадого» эки киши ээлик кылат. Алардын бири - Канат Маматов, экинчиси - Искендер Матраимовдун аялы Минавар Жумаева. Ушундай байланыштар бар».

Ал эми Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовго байланышканбызда «Супер-Инфо» гезити тууралуу кыска гана жооп берди.

«"Супер-Инфонун" жаңы кожоюндарын билбейм. Менин тиешем жок».

«Супер-Инфо» гезити 2002-жылдан бери чыгат. Анын нускасы 60-65 миңдин тегерегинде басылып, Кыргызстандагы эң көп тираждуу гезит катары белгилүү.

Дагы караңыз «Супер инфонун» сырдуу кожоюндары

Басылманын жетекчиси болуп жаңы дайындалган Автандил Добулбеков гезиттин мындан аркы иши тууралуу буларды айтты:

«Жетекчилер гана алмашканы болбосо, жамаат мурункудай эле иштеп жатат. Ошондуктан буга чейин кандай иштеп келсек, мындан кийин деле ошол багытта ишибиз уланат. Саясий темаларга басым жасайбыз деп так кесе айтпайм. Бирок алдыда парламенттик шайлоо келатат. Ошондуктан саясий өңүттөгү макалалар көбүрөөк чыгышы мүмкүн. Бирок гезиттин негизги позициясы мурункудай эле болот».

Медиа эксперт Азим Азимов да көп нускалуу гезиттин жетекчилиги алмашканын парламенттик шайлоого байланыштырды:

Азим Азимов.

«"Супер-Инфонун" негизги максаты мурда окурмандарга кызыктуу материалдарды жазуу болсо, азыр багыты өзгөрдү. Азыр алардын багыты шайлоого жана саясатка бурулду. Ошондуктан алардын негизги максаты - жакынкы күндөрдө кайсы бир саясий партияны шайлоодо жеңишке алып бара турган материалдарды жарыялоо. Шайлоонун астында жетекчиликтин алмашканынын себеби да саясий негизде болгон. Анткени «Супер-Инфо» гезити - Кыргызстандагы көрүнүктүү, нускасы көп басылмалардын бири. Былтыр бул гезиттин кожоюну да алмашканын укканбыз. Алар шайлоого даярдык көрүү максатында сатып алышкан».

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоого катышкысы келерин 44 партия билдирген.

Ал эми шайлоо алдындагы үгүт иштерин 210 маалымат каражаты жарнама кылуу үчүн каттоодон өткөн. Алардын 57си телекомпания, 52си гезит-журнал, 26сы радио жана 75и интернет-басылма.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​