Чолпон-Атада спорт журналисттери таймашты
Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 50гө жакын спорт темасын чагылдырган журналист катышты.
15-июлда башталган мелдештер 3 күнгө созулуп журналисттер спорттун аркан тартыш, сууда сүзүү, тогуз коргоол жана кичи футбол түрлөрү боюнча таймашышты.
Аталган саамалыкты эки жылдан бери Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги уюштуруп келет.
Аталган мекеме тарабынан мелдештерди өткөрүүгө 412 миң сом бөлүнгөн. Бул мелдештер 2-июлда белгиленген спорт журналисттеринин эл аралык күнүнө арналган.
Кыргызстанда спортко арналган Топ kg аталышында бир гезит, Sportmen аталышында бир журнал жана КТРК Спорт деп аталган бир телеканал бар. Ошондой эле Sport akipress, 24.kg, sport.kg, vb.kg интернет басылмаларында спорт темалары кеңири чагылдырылат.
Андан сырткары айрым бир гезиттерде, теле жана радиолордо спортту чагылдырган кабарчылар, комментаторлор, телеоператорлор ж.б. адистер кызмат кылышат.
Кыргызстанда спорт журналисттеринин федерациясы негизделгенине 21 жыл болду. Аталган уюм эл аралык федерация (AIPS) менен тыгыз кызматташып жылына бир-эки журналистти спорт журналисттеринин дүйнөлүк семинарларына жөнөтүп турат.
Спорт журналисттеринин мелдеши өткөн "Дөлөн" спорттук комплекси белгилүү коомдук жана спорт ишмери, Кыргыз ССРинин Спорткомитетин 20 жылга чукул жетектеген Дөлөн Өмүрзаковдун урматына уулу Кубан Өмүрзаков тарабынан салынган.
Комплексте кичи футбол аянты, сууда сүзүү үчүн 50 метрлик олимпиадалык стандартка шайкеш келген бассейн жана күрөш залы бар.
200 орундуу мейманкана да бул комплекске караштуу.
Комплекс иштеген эки жылдан бери Орусия, Казакстан, Азербайжан жана Украина өлкөлөрүнөн командалар келип машыгуу өткөрүп турушат.
Комплекс 1600 метр бийиктикте жайгашкан.