Нарынды бойлогон балчылар

Балчылар Кыргызстандын тоолорунда көчүп жүрүп бал топтошот. Нарын облусу, 1-август, 2024-жыл

Кыргызстанда тоо арасында көчүп-конуп жүргөн балчылар бал челектер менен улам жер которууга аргасыз. Глобалдык климаттын өзгөрүүсү үй-бүлөлүк бизнеске да таасир тийгизүүдө. Алар бал аарыларды Эки-Нарын өрөөнүнүн башына чейин ташып жатат. Бул тоолордон Сырдарыянын негизги башаты - Нарын агып чыгат.

Сырдарыя - Борбор Азиядагы эң узун дарыя. Ал төрт өлкөнүн аймагын – Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстанды аралай өтүп, Арал деңизине куят. “Азаттыктын” журналисти жана сүрөт баяндамачысы Пётр Троценко Сырдарыяны бойлой жайгашкан айылдарда болуп, карапайым элдин жашоо-турумушу аркылуу дарыянын азыркы абалын айтып берүүгө аракет кылды.

"Биздин көч Чүйдөн башталып, Эки-Нарындан бүтөт"

Бийик тоолуу жердеги адаттан тыш ысыкка карабастан Тынычбек Сатаров калың күрмөчөн, торчосу бар калпагын баса кийип, көчмө бал челектерин караганы баратат. Ал 36 жашта, балчылык менен алектенгенине он жылдан ашты.

Тынычтын үй-бүлөсүндөгүлөрдүн баары аарыга байланган. Атасы, улуу агасы, жайкы каникул башталары менен эки баласы да келип кошулат. Майдан тартып августка чейин гүлзарлуу шалбааларды издеп, тоо аралай көчүп-конуп жүрмөй.

Балчы Тынычбек Сатаров тун уулу Улукбек менен

Көрсө, Тыныч аарылардан коргонуу үчүн атайы калың кийинип алган экен. Аарынын чакканына деле көнүп, көңүл деле бурбасын айтып жылмайды.

“Агам бал челекти тоонун аркы бетине коюптур, - деди түштүк тарапка колун жаңсай. – Биз атам, балдарым менен ушул жерде иштеп жатабыз. Алды менен биздин көчүбүз Чүй облусунан башталат. Анан Ысык-Көлгө келебиз, ал жерден Нарын тарапка өтөбүз. Эки-Нарын – биздин эң соңку багытыбыз. Бул жерден акыркы балды топтоп алып, андан ары Бишкекке кайтабыз. Анан аарылар үчүн шарт түзүү менен алек болуп, кышкыга даярдайбыз”.

Нарын дарыясы. Чоң жана Кичи Нарын суусу кошулган жер. 1-август, 2024-жыл

Бул өрөөндүн Эки-Нарын деп аталышы жөн жерден эмес. Тоодон агып түшкөн эки суунун - Чоң жана Кичи Нарындын кошулган жери. Нарын дарыясы – Борбор Азиядагы эң маанилүү суу артериясы. Ал жүздөгөн чакырымды тепчий агып, Фергана өрөөнүндөгү Кара-Дарыя менен биригет. Эки дарыя Борбор Азиядагы эң узун дарыяны – Сырдарыяны түзөт.

Тынычбек Сатаровдун бал аарылары

Тынычбектин айтымында, Эки-Нарындын балын кардарлар "дарылык касиети жогору" деп, абдан баалашат.

“Канчалык бийик жер болсо ошончолук жакшы. Түздүккө салыштырганда бул жерден бал аз топтолот. Бирок анын даамына жана тазалыгына эч бир жердин балы тең келбейт. Маселен, Чүй облусунда 30дан ашык чөптүн түрү кездешет. Ал эми бул жер өтө бийик болгондуктан 15тей эле түрү өсөт. Кыргызстанда Нарындын балы мыкты бааланганы дагы ушундан”.

Эки-Нарын аймагы. Сатаровдордун дөнгөлөк үстүндөгү бал челектери

Аарылардын учуп-конгонуна оорчулук жаралбас үчүн Сатаровдор бал челектерин мүмкүн болушунча шалбаага жакын коюшат.

Чокмороктошкон аарылар бирде колума, бирде камерага конуп, ызылдаган добушу абада жаңырат. Тынычбек берген атайын күрмө бал челектерди аралап жүргөндө мени сактады.

Тынычбек Сатаров иш үстүндө

Сатаровдордун 130 бал челеги, 30 миңдей аарысы бар экен.

“Он миңдейи шире чогулутуп, калгандары уюкта болушат. Аларга деле жумуш толтура”, - деп түшүндүрдү балчы.

Тынычбек бал кармаган өзүнө жагарын, аны менен үй-бүлөсүн багып, кийинки сезонго чейин эч нерсеге муктаж болбосун айтууда. Бул ишти баштап жатканда бир топ кыйынчылыктар болгонун эскерди. Буга көп каражат, чоң мээнет жана убакыт корогон. Ширетүүчү атасы чиркегичти өз колу менен жасаган. Анда чакан ашкана, керебет, бал чогулткан жайы да бар.

Сегиз жашар Тынай Тынычбек Сатаровдун кенже уулу

"Эки-Нарын - балчыларга бейиштей жер"

Тынычтын атасы Рысбек Сатаров быйыл 64кө толду. Жакында эле пенсияга чыгып, эми болгон убактысын балчылыкка, неберелеринин тарбиясына арнайм деп турат. Шаардын ызы-чуусунан алыс, табияттын койнунда, дайыма кыймылдап жүргөн ден соолукка пайда экенин айтат.

“Эгерде бал челек менен алектенбегенде балким, үйдө таяк таянып басып жүрөт белем”, - дейт ал тамаша-чыны аралаш.

Тынычбектин атасы Рысбек Сатаров да балчы. Нарын облусу. 1-август, 2024-жыл

Сатаровдор чогулткан балын чекене баада сатышат. Албетте, кээде дүңүнөн сатылып кеткен учур да болот. Тоо балынын бир килограммы 500-600 сомдун айланасында.

"Бал топтоо - аба ырайына байланыштуу", - дейт Тынычбек. Эгерде жай өтө ысык болбосо, гүл жана чаңчалар көп болуп, эч кандай маселе жаралбайт.

"Эки-Нарын өрөөнү балчылыкка табылгыс жай", - деп кебин улады ал. Анткени бул жерде чоң суу агып, көйкөлгөн талаанын чөбү ширелүү келет.

“Ошондон дагы балдан жыпар жыт чыгып турат”.

Сатаровдор жакында эле ак бал жыйнашкан. Ак бал – Нарындын бедесинин (эспарцет) гүлүнөн алынып, дарылык касиети бар деп саналат. Тынычбек бизге балдын бул түрүн сатуу да оңой деп түшүндүрдү.

Эспарцет - көп жылдык чөп саналып, малга жакшы тоют. Ысыкта дагы нектар бөлүп чыгарып, жакшы гүлдөйт.

Бал аарылар


Балчылар менен экология тууралуу да баарлаштык. Тынычбекке дүйнөдө балчылар ондогон жылдан бери бал аарылардын жапырт кырылышы байкалып жатканын айтышарын билдирдим. Ал бул көйгөй тууралуу укканын, бирок өзүнүн иш тажрыйбасында андайга күбө боло электигин айтты.

“Биздин аймакта бал аарылар көбүнчө фермерлер айдоо жерлерге көп химия колдонгондон өлөт. Азыр химиясыз бирдеме өстүрүү кыйын болуп калбадыбы, - дейт Тынычбек. — Кулпунай, кожогат, алма - бүт баары химия менен өстүрүлөт. Аны кийин кантип жешет, билбейм. Ошондуктан мөмө-жемишти тааныш фермердин колунан алам”.

Чөптүн бүрү төгүлүп, гүлзарга толгон талаадагы жыты аңкыган гүлдөр урук байлаган маалда бал жыйналып бүтөт. Сатаровдор бал челектерин жүктөп, шаарга камынат. Алар балын сатып, кийинки мезгилге даярдык көрүшмөкчү.