Стадиондун сапаты футбол беттешин бузду

Стадиондун азыркы абалы.

Бишкектин «Дордой» футбол клубу 3-апрелде АФК кубогунун алкагында алгачкы тайпалык оюнун баштады.

«Дордой» АФК кубогунун алкагында быйылкы сапарын баштаганы менен анын Бишкектеги оюндары атаандаштарынын эсинде көпкө сакталчудай болуп турат. Алгачкы беттеши Түркмөнстандын чемпиону «Алтын Асыр» футбол клубуна туш келип, оюн бүткөн соң коноктордун оюнчулары да, машыктыруучусу да Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондун абалына нааразылыгын жашырган жок.

Стадиондогу чөп талаптагыдай өстүрүлбөгөндүктөн 3-апрелдеги оюндун жүрүшүндө кээ бир чабуулдар чаң аралаш жүрүп жатканына стадиондогу калың эл да күбө болду.

«Алтын Асырдын» башкы машыктыруучусу Язгулы Хожагелдиев анын оюнчулары мындай төмөн сапаттагы талаага даяр болбогонун билдирди:

Язгулы Хожагелдиев.

«Биз оюнга эч кандай баа бере албайбыз. Себеби мындай төмөн сапаттагы аянтта ойногондон кийин бир нерсе деп айтыш кыйын экен. Мындай жерде сапаттуу футбол болбойт. Менин оюнчуларым койгон тапшырманы толук аткара алышкан жок. Анткени мен футболчуларымды мындай шарттагы абалга даярдаган эмесмин».

«Дордой» клубунун башкы машыктыруучусу Александр Крестинин да стадиондун абалына ыраазы болгон жок. Ал көк чөптүн аздыгы оюндун жүрүшүнө терс таасир тийгизгенин ырастады:

Александр Крестинин.

«Биз жакшы сапаттагы чөпкө көз карандыбыз. Былтыр Индия менен ойногондо талаа аябагандай жакшы абалда болчу. Ал эми азыркы көрүнүштү башаламандык деп койсок болот. Акыр тепкинин таамайлыгына талааны түздүгү маанилүү эмеспи. Бүгүн биздин талаада футболчулар жер тандап чуркоого аргасыз болушту».

Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо көбүнесе «Дордой» командасынын оюну өткөнү менен, аталган клуб стадионду ижарага гана алаарын билдирүүдө. Бул жолкусун да «Дордой» эки күнгө ижарага алганын Кыргызстандын Футбол федерациясы маалымдады.

Оюн чукул өтүп калды

Федерация талааны стандартка ылайык кармоо милдети өкмөткө караштуу Жаштар, денен тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттикте болушу керек экенин билдирди. Борбордук стадиондун жетекчиси Жеңишбек Кызалаков «Азаттыкка» стадиондун эл аралык оюнга даяр болбой калганынын себептерин түшүндүрдү:

«Биринчиден, матч биз күткөндөн эки жума эрте башталып кетти. Экинчиден, былтыр он чоң машине менен топурак, кык, кум төккөнбүз. Биз аны менен талааны жана чөптү кайрадан жакшылап өстүрүп жатканбыз. Үчүнчүдөн, мартта аба кургак болуп калып, стадиондогу чөп биз күткөндөй чыкпай калды. Албетте, мындай талаага ойноого болбойт, бирок АФК өзү стадионду байкап көрүп, ойноого уруксат берип жаткандан кийин биз деле макул болдук».

Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги жаңы стадионду куруу боюнча байма-бай демилге көтөрүлүп келет. Бирок азырынча маселе ордунан козголо элек.

«Дордой» менен «Алтын Асырдын» оюнунан.

3-апрелдеги оюнда «Дордой» командасы биринчи таймды толугу менен көзөмөлгө алып, алгач эсепти 1:0 кылып, алдыга чыкты.

Экинчи таймда коноктор үстөмдүгүн күчөтүп, оюн бүтөргө беш мүнөт калганда жооп иретинде гол киргизгенге жетишти.

Жалпы жыйынтык 1:1 болуп, эки команда тең тайпада алгачкы бирден упайларга ээ болду.

«D» тайпасында «Дордой» менен «Алтын Асырдан» тышкары Тажикстандын «Истиклол» жана «Хужант» командалары бар. Бул эки команда кечээ бири-бири менен ойноп, ал «Истиклолдун» жеңиши менен аяктады.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.