Кара-Дарыядагы сел бир өмүрдү жалмады

Селдин зыяны тактала элек. Чаңгыр-Таш айылы, Сузак району, Кара-Дарыя айыл аймагы. 21-июль, 2021-жыл.

Селден кийинки көрүнүш. Чаңгыр-Таш айылындагы короолордун бири.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сузак райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу түнү менен жолдорду тазалашты.

Сел суулары дагы эле топтолуп турат. Сузак району, Чаңгыр-Таш айылы. 21-июль, 2021-жыл.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда алты жаштагы кызды 20-июлда сел агызып кетти. Анын сөөгү түн жарымда табылды. "Азаттыктын" кабарчысы апаат болгон жерге барып, Чаңгыр-Таш айылында кырсыктан кийинки көрүнүштү сүрөткө тартты.