Партиянын расмий өкүлү анын катарынан парламенттин депутаты, комитет төрагасы Кожобек Рыспаевди чыгаруу жана фракцияга ага ыйгарылган өкүлчүлүк ыйгарым-укуктарды чакыртып алууну сунуш кылды.
Муну партиянын айрым мүчөлөрү саясий уюмдун ичиндеги ажырымга алып келүүчү жагдай катары баалашты. Ошол эле кезде айрым саясат талдоочулар өлкөдөгү башкаруучу партия катары саналган КСДП менен анын парламенттеги фракциясынын башкы багытында эбак эле чоң ажырым кеткенин белгилешип, партиянын саясий кеңешинин койгон талабын фракция эске аларынан күмөн санап жатышат.
Партиянын соңку билдирүүсү
КСДПнын саясий кеңеши Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевди партиядан чыгарды.
Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубава ага түшүндүрмө берип жатып, Кожобек Рыспаевдин сүйлөгөн сөздөрү менен жасаган иштери партиянын жобосуна туура келбей турганын билдирди. Ошондуктан партиянын саясий кеңеши 29-августтагы жыйынында депутат Кожобек Рыспаевди партияда мүчө болуп калууга акысы жок деп тапкан. Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева муну менен саясий уюм алдыда өзүнүн жаңы багыттарын аныктоого даярданып, партиянын катарын тазалоо жараянын баштаганын билдирди:
- Партия азыркы учурда жаңыланууга багыт алып, өзүн өзү тазалоо этабына өтүп жатат. Партиянын саясий чечими менен Кожобек Рыспаев уюмдун жобосунда белгиленген милдеттерине жана максаттарына төп келбеген жоругу үчүн анын катарынан чыгарылды. Саясий кеңештин чечиминде парламенттеги КСДП фракциясына Кожобек Рыспаевди Жогорку Кеңештин Отун-энергетика жана жер казынасы боюнча комитетинин төрагалыгынан алуу жана аны фракция көргөзгөн убактылуу комиссиялардагы, туруктуу жумушчу топтордогу мүчөлүгүн токтотууну сунуш кылынды. Фракциянын мүчөлөрү КСДПнын тизмеси менен парламентке келип, депутаттык мандат алып отурушат. Ошондуктан алар партиянын саясий кеңешинин чечимин жана партиянын жобосун аткарууга милдеттүү.
Анткен менен Кожобек Рыспаев КСДПнын жобосуна каршы иш алып барбаганын айтып, анын чыгарылышы партия лидеринин жеке түшүнүгүнө жараша болушу мүмкүн экенин белгиледи. Ошондуктан саясатчы муну жеке трагедия катары карабай турганын айтып, ага байланыштуу коюлган дооматтарды четке какты:
- Мен партиянын төрагалыгына Алмазбек Атамбаев шайланган жыйынга барбай калганым үчүн гана мени мүчөлүктөн чыгарып коюшту. "Келбей койду, демек биз менен эмес" дегендей чолок ой болуп жатат. Ооба, мен ал жыйынга бара албай калгам, бирок эч жерде мен партияны жамандап сүйлөгөн эмесмин. Мен Атамбаевге каршы эч жерде сүйлөгөн эмесмин, аны менен мамилем начарлап кетти деп да айта албайм. Мунун баары анын тегерегиндегилердин иши болду. Чыгарса чыгара беришсин, мен ага кайгырбайм,
Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Кожобек Рыспаевдин “Эгер Бишкек ЖЭБи боюнча КСДПнын күнөөсү далилденсе, мен бул партияда кала албайм, анткени биз бул партияда туугандашып жашаган жокпуз” деп жергиликтүү радиолордун бирине айтканы аны партиядан кетирүүгө негиз болгонун билдирген. Ал эми депутат Кожобек Рыспаев КСДПны эмес, өкмөттөгү жана ишканалардагы партия сунуш кылган айрым жетекчилерди сындаганын айткан.
Суроосу көп саясий чечим
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков партиянын саясий кеңешинин чечими анын жободо көрсөтүлгөн максатына каршы келип калды деп эсептейт:
Бул партиянын биримдигине доо кетире турган окуя болуп калды...
- Саясий кеңештин жыйынын болсо, анда кворум чогулдубу же жокпу? Ага кимдер катышты? Ким ошол маселени күн тартибине алып чыкты? Кимдер кандай добуш беришти? Каршы чыккандар болдубу же бардыгы эле бир добуштан колдоп беришкенби? Мына ушул суроолорго ачык жооп болгон жок. Анан эле тымызын чогула калып, чечим кабыл ала коюу жакшы жышаан эмес. Мен билгенден саясий кеңештин курамында парламенттеги биздин фракциянын бир топ депутаттары бар. Анан дагы бир тобу азыр абакта отурушат. Ошондо саясий кеңеште кантип кворум болду? Бул партиянын биримдигине доо кетире турган окуя болуп калды...
КСДПнын саясий кеңешинин жыйынына анын 23 мүчөсү катышканы жарыяланып, бирок кимиси кандай добуш бергени так көрсөтүлгөн эмес. Партиянын расмий өкүлүнүн айтымында, жыйынга партиянын парламенттеги фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов катышкан эмес.
Саясат талдоочулар арасында Кожобек Рыспаев партиядан чыгарылган менен фракциядагы мүчөлүгүн сактап, парламенттеги комитеттин төрагалык ордунда калуу мүмкүнчүлүгү дагы эле жогору" деген божомолдорун айтышты.
Саясатчы Эмилбек Каптагаев муну Алмазбек Атамбаев башкарган КСДП менен анын Иса Өмүркулов жетектеген парламенттеги фракциясынын ортосундагы саясий ажырым менен байланыштырды:
- Партия фракцияга сунуш киргизип жатат. Бирок фракция партиянын аталган сунушун кабыл алып, аны аткарабы? Бул чоң маселе. Партиянын саясаты менен фракциянын саясаты эки башка болгонун биз жакында эле көрбөдүкпү. Партия сунуш кылган премьер-министр Сапар Исаковду фракция бир добуштан эле кызматынан алып салбадыбы. Ошондо партия дегенде "Форумда" отурган адамдар менен парламенттеги фракциянын башында тургандардын ортосунда эки башка саясат, эки башка көз караш болушу толук мүмкүн.
КСДП кептелген кризис
Ал арада КСДПнын катчылыгы партиялык билеттер жаңыланганын жана жакында алмаштырыла турганын жарыялаган. КСДПнын мүчөсү Рыскелди Момбеков партия азыр оор учурду баштан кечирип жатканын айтып, анан арасындагы ажарымга акыры чекит коюлуп, курултайда бир беткей чечим кабыл алынышы керек экенин белгиледи:
- Өткөн алты жылда партиянын катарына кимдер гана кирип алганын кайрадан карап чыгып, анын баарынын эсебин алууга чынында мезгил келип жетти. Ошондуктан партиянын лидери ревизия жүргүзүү үчүн партиялык билеттерди алмаштыруу жолун тандаган болушу мүмкүн. Эртедир-кечтир партия жаңыланып, өзүнүн саясатын тактап, багыттарын аныктап алышы керек. Чынын айтканда, партия чоң бир кризиске кептелип турат. Партия курултайын чакырып, ал жерде ачык-айкын сөз болуп, кимисиники туура, кимисиники туура эмес экенин кенен-кесири териштирип алганы оң. Андан кийин эки ача кетеби, үч ача кетеби же бир бүтүн бойдон калабы, маселе бүдөмүк бойдон турбай, так чечилмек. Эгерде азыркы абалында калса, анда партиянын келечеги бүдөмүк.
Буга чейин партиянын башкы багытын сындаганы үчүн Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда КСДП Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевди да мүчөлүктөн жана фракциядан чыгарып салган. Бирок мыйзамга ылайык, анын депутаттык мандаты сакталып калган.
КСДП - Жогорку Кеңештеги эң ири фракция. Ал парламенттин азыркы чакырылышында 38 мандатка ээ.