Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

КСДП дагы бир депутатты катарынан чыгарды


Кожобек Рыспаев.
Кожобек Рыспаев.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) саясий кеңеши Жогорку Кеңештин депутаты, бул партиянын мүчөсү Кожобек Рыспаевди партиядан чыгарды.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубава бул чечимге түшүндүрмө берип, Кожобек Рыспаев “КСДПнын партиялык ишмердүүлүгүндө өлкөнүн келечеги тууралуу сүйлөшүүлөр, тилектештик болгон эмес. Эгер Бишкек ЖЭБи боюнча КСДПнын күнөөсү далилденсе, мен бул партияда кала албайм, анткени биз бул партияда туугандашып жашаган жокпуз” деп жергиликтүү радиолордун бирине айтканы аны партиядан кетирүүгө негиз болгонун билдирди:

- Сөз жүзүндө Кожобек Рыспаев Бишкек ЖЭБинде болгон кынтык иштерге каршы чыгууда. Бирок көпчүлүк «авариянын башкы күнөөкөрү» деп атаган Бишкек ЖЭБинин мурдагы деректири Өмүркул уулу Нурланды ачык эле колдоодо деген туруктуу пикир жаралды. Муну ал четке какпайт жана Өмүркул уулу Нурланды дал ушул кызматка өзү «сунуш кылган». Ошондой эле авария болгондон кийин да экс-деректирдин «башынан бир тал чач түшпөгөнүн» баарыбыз көрүп турабыз. Сурак берүүнүн ордуна Өмүркул уулу Нурлан ар дайым Жогорку Кеӊештин пленардык жана Кожобек Рыспаев жетекчилик кылган тармактык комитеттин жыйындарына чакырылууда. Чынында дал ушул мурдагы деректир ЖЭБди модернизациялоодон кийин негизги каражаттарды, анын ичинде жек көрүндү болгон айтылуу аттиштерди дагы ишкананын эсебине кабыл алуу буйругун эсепчилерге (бухгалтерияга) берген, - деди Кундуз Жолдубаева.

КСДП: таарынычтар ачыкка чыктыбы?

КСДП: таарынычтар ачыкка чыктыбы?

Бишкекте 31-мартта КСДПнын курултайы өттү жана анда Алмазбек Атамбаев партия төрагасы болуп шайланды.

Ал эми депутат Кожобек Рыспаев аны партиядан чыгаруу тууралуу КСДПны эч качан ЖЭБдеги коррупция үчүн күнөөлөбөгөнүн, четтетүүнүн төркүнү башкада экенине токтолду:

- Мага “Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга КСДПны айыптаган” деп кине тагып жатышат. Мен эч качан антип айткан эмесмин, ага акым да жок. Анткени буга партиянын кандай тиешеси бар? Экинчиден алар айтып жаткан Нурлан Өмүркул уулуна эч кандай тиешем жок. Мен аны кызматка сунуш кылган эмесмин, эч жерде коргогон эмесмин. Тескерисинче, мен жетектеген Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин корутундуларында ага карата бир топ эскертүүлөрдү келтиргем. Мунун баары жөн гана шылтоо. Мен партиянын төрагалыгына Алмазбек Атамбаев шайланган жыйынга барбай калганым үчүн гана мени мүчөлүктөн чыгарып коюшту. "Келбей койду, демек биз менен эмес" дегендей чолок ой болуп жатат. Ооба, мен ал жыйынга бара албай калгам, бирок эч жерде мен партияны жамандап сүйлөгөн эмесмин. Мен Атамбаевге каршы эч жерде сүйлөгөн эмесмин, аны менен мамилем начарлап кетти деп да айта албайм. Мунун баары анын тегерегиндегилердин иши болду. Чыгарса чыгара беришсин, мен ага кайгырбайм, - деди Рыспаев.

29-августта КСДПнын саясий кеңеши Жогорку Кеңештин депутаты, бул партиянын мүчөсү Кожобек Рыспаевди партиядан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган.

КСДП партиясы буга чейин пикир келишпестиктен улам Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевди да мүчөлүктөн жана фракциядан чыгарып салган.

Соодадан саясатка “секирген” Рыспаев

Кожобек Рыспаев 2010-жылы “Ар-Намыс” саясий партиясынын тизмеси менен V чакырылышта, 2015-жылы КСДП партиясынын тизмеси менен VI чакырылышта Жогорку Кеңешке депутат болгон. "Азаттык" буга чейин Кожобек Рыспаевдин бейнеси тууралуу жазылган макаланы окурмандарга сунуш кылууну чечти.

Кожобек Рыспаев - Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышында "Ар-Намыстан" беш жыл эл өкүлү болуп отурган, учурда КСДПдан депутат, ооган согушунун ардагери, соода-сатыкта жүрүп саясатка аралашкан, “касапчы” деген каймана аты бар.

Рыспаевди жакындан билгендер анын сооданы чемичкедей эле чагарын, акчанын “кулк-мүнөзүн” жакшы билерин кеп кылышат. 1981-1983-жылдары Советтик армиянын катарында Ооганстанда кызмат өтөп келгенден кийин соода тармагына ыктаган. 1985-жылы борбор шаардагы соода техникумун аяктаган жана Советтер Союзу тараганга чейин бир канча жерде сатуучу болуп иштеген.

1992-жылдан тартып 2010-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келгиче жеке коммерциялык ишканаларды жетектеген. Анын негизги бизнеси Ош базарында, тактап айтканда, эт тармагында жакшы жүрүшкөн, өзү да мыкты касапчы.

Рыспаев жогорку билимди 40 жашка чукулдап калганда алган. 2000-2005-жылдары Улуттук университеттин экономика факультетин «каржы жана насыя» адистиги боюнча аяктаган.

Экинчи жогорку билимди Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин Кызыл-Кыя шаарындагы жаратылышты пайдалануу жана геотехнологиялар институтун 2013-жылы сырттан окуп бүтүргөн.

Бул институт 2015-жылдын башында Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин чечими менен натыйжасыз иштеген окуу жайларынын тизмесине кошулган. Мындан улам Кожобек Рыспаев тоо-кен тармагы боюнча жогорку билимди эмнеге Бишкекте Исхак Раззаков атындагы мамлекеттик техникалык университетте эмес, анын тээ алыскы аймактагы филиалында алган деген суроо туулат.

"Азаттык" Кожобек Рыспаев тууралуу ошол институттун деректири Орунбай Шамшиевге суроо узаткан. Ал Рыспаевди бала кезинен тарта тааный турганын, ошол кезде эле тоо-кен тармагына кызыгуусу болгонун, билим ал деп өзү чакырганын айтып берген:

- Мен аны 1969-1970-жылдардан бери, Жайыл районундагы Кызыл-Ой айылында иштеп жүргөн кезинен тартып билем. Армияга барганга чейин эле тоо-кен тармагына кызыкчу. Ортодо 20-30 жыл көрүшпөй калдык. Мен бул жерде иштеп жүргөнүмдү билип, “агай, тоо инженери болоюн” дегенинен, мен аны "бул жакка кел" деп чакырдым. Анан ал Ошко, Баткенге иш сапарына келген учурларда менин базамды көрүп, бул жактан окуюн деп чечти.

Орунбай Шамшиев депутат Рыспаевдин үлгүлүү студент болгонун, тоо-кен тармагы боюнча көптү билип, керек болсо ошол жактагы студенттер менен окутуучуларга сабак өтүп да кетип жүргөнүн айтып мактаган:

- Ал 1-курстарга өтүлгөн предметтерден бери кызыкчу. Мен таң калгам. Андай экинчи жогорку билим алып жаткандар жөн эле диплом үчүн окушат да. Ал болсо дипломдук ишин да өзү жазды. Жетекчиси да: "Бул депутатпы же тоо-кенчиби?" деп таң калды. Сессияга такай барчу. Кээде сессияга эмес, жөн деле келип кетчү. Негизи аябай эле таң калчу элем. Китептерди алчу. Менин китептеримди алганда да кээ бир жерлерин бүктөп коюп, кээ бир жерлерин карандаш менен чийип коюптур. Бул ошол китепти окуганын билдирет да.

Рыспаевдин "саясий эрдиги"

Эми Кожобек Рыспаевдин саясий жолуна баам таштайлы. Ал 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо “Ар-Намыс” партиясынын тизмеси менен шайланып келди. Партияны ичинен билгендердин маалыматы боюнча аны да ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы Нурлан Төрөбеков ээрчитип келген, тизмеден "ооганчыларга" эки орун берилип, ошол квота менен Жогорку Кеңешке шайланган. Бакылдап сүйлөгөн, ар дайым ооганчы экенин баса белгилеп жүргөнү менен коомчулукка мына ушул парламентте таанылды.

2011-жылы сентябрь айында “арнамысчы” ондон ашык депутат кезексиз жыйынга чогулуп, Феликс Куловдун ордуна Камила Талиеваны фракция лидери кылып шайлаган. Кулов бул чечимдин укуктук да, саясий күчү да жок экенин айтып чыккан. Ошол Куловго каршы чыккан топтун башында Кожобек Рыспаев турган. Ал топтун да мүчөсү, азыр парламентте КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков ошол окуяны “саясий эрдик” катары сыпаттаган.

- Ошол маалда фракциялар ортосунда ар кандай төңкөрүш жүрүп калган. Анан Кожобек Рыспаев баштаган 10 киши топтолуп чыгып принципиалдуу позициябызды айтканга эркибиз жеткен. Туруктуулукту сактап калганга чоң салым коштук деп ойлойм. Кожобек Жайчибековичтин да эмгеги чоң. Анткени ошол маалда биздин топко өтө катуу басым жасалган. Бирок биз ошого карабай "партиянын кызыкчылыгынан өлкөнүн кызыкчылыгын жогору турат" деген принцип менен иштегенбиз. Ошондо Кожобек Жайчибекович тайбастыгын, принципиалдуулугун көрсөттү.

Анвар Артыков кийинки парламенттик шайлоодо социал-демократтарга кошулуп баруу тууралуу чогуу чечим кабыл алышканын да айтып берди:

- "Кийинки шайлоодо КСДП менен барсаңар жакшы болот" деген сунуш эки-үч жыл мурун эле болгон. Экинчиден, жакшы идеяларды ишке ашырыш үчүн туруктуу партияны тандаганбыз. Биз мурдатан эле мамлекеттик маселелерди чече билген партияга кошулсак деп сүйлөшүп, ой бөлүшүп жүргөнбүз.

Ишенимдүү булактардын айтуусунда, Кожобек Рыспаев президенттин жакын адамдарынын тилин таап, аларды ынандыра алгандыктан КСДПнын тизмесинин алдыңкы сабына илинген. Бийликтин көзү түз болгону үчүн 2012-жылдан бери стратегиялык мааниси чоң деп эсептелген Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетти башкарган. Коомчулукта "бул комитет Кумтөр өңдүү талуу маселелерди чечүүдө алсыздык кылып жатат" деген сын-пикир көп.

2016-жылы Кожобек Рыспаев Кыргызстандагы чет элдик же чет элдик жарандардын үлүшү бар маалымат каражаттарын тескөөнү көздөгөн мыйзам кабыл алууну сунуш кылган жана анын демилгеси дароо талкуу жараткан. Ал жергиликтүү коомчулук кайсы телеканал же радио кайсы мамлекетке таандык экенин билбей турганын, ошондуктан мындай маалымат ачык көрсөтүлүшү керек экенин айткан:

- Бул маселени мен мыйзам долбоору катары жазып, көтөрүп жатканымдын себеби бизде чет элдик жарандар каржылап, ачкан телерадиокомпаниялар бар, ошолорду эч ким билбейт. Кээ бир учурларда алар чагымчыл болуп кетет. Алар Кыргызстандын аймагында чагылдырып жаткандыктан коомчулук алардын кимге таандык экенин билбей калып жатат. Мисалы, НТС, КТР, НБТ деген телеканалдардын логотиби менен кошо кайсы мамлекетке таандык экенин кошо жазып койсо элге түшүнүктүү болмок. Ал телеканалдын же телепрограмманын кимдики экенин эл билүүгө тийиш. Радиоберүүдөн маалымат кетип жатканда дагы “бул баланчанын радиосу” деген эскертме болуш керек. Мисалы, “Азаттык” радиосун АКШ каржылайт депчи.

Депутаттын телерадиону тескөө жөнүндө сунушун сындагандар да чыккан.

Кожобек Рыспаев Чүй облусунун Жайыл районунан болот, үч баланын атасы. Ал Жогорку Кеңештеги эң бай деген депутаттардын катарына кирет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG