Аттракциондун коопсуздугун ким текшерет?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын көпчүлүк шаарларындагы аттракциондор союз маалында орнотулган. 20 жылдан ашык убакыттан бери шаар тургундары ал жакка балдарын ээрчитип барып, ойнотуп жүрүшөт. Оштун Навои атындагы паркындагы үрөйдү учурган окуя жаш балдардын коопсуздугуна ким жооптуу деген суроону кабыргасынан койду.