Кыргыз диаспора башчысынын сырдуу өлүмү

Камчыбек Каримов.

Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасынын башчысынын өлүмү криминалдык талашка байланыштырылууда.

54 жаштагы кыргызстандык ишкер Камчыбек Каримовду 2-июлда Екатеринбургдагы үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Анын ичине, бутуна ок жаңылып «Тез жардам» келгенде каза тапкан.

Күбөлөрдүн айтымында, кол салган эки киши айдап келген машинесин таштай качышкан. Каримовдун жанында ири суммадагы акча болгону айтылууда.

Кара-Суу районунда туулуп-өскөн Каримов 1981-жылы Свердлов облусунда инженердик институтта билим алып, кийин 1990-жылдардын башында Орусияга үй-бүлөсү менен биротоло көчүп кеткен. Маркумдун артында жубайы жана үч баласы калды.

20 жылдан ашык Уралда жашаган Каримов «Кыргызстан-Урал» уюмун түптөп, коомдук жана жеке ишмердиги менен таанылган. Акыркы жети жылдан бери Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасын башкарып келген. 2003-жылы орус аймактарындагы кыргыз диаспораларын бириктирүү максатында негизделген «Замандаш» ассоциациясынын жигердүү мүчөсү болгон.

Ассоциациянын азыркы төрагасы Абдирасул Айдаров замандашын «ишмердүү, намыскөй жигит» катары эскерип отурду:

Абдирасул Айдаров.

«Камчыны ассоциация түптөлгөндөн бери билчүмүн. Екатеринбургда кыргыздардын башын бириктирип турчу. Кыргыздарга жекшембилик мектептерин ачып, башка улуттук-маданий кечелерди өткөргөнгө дайыма колдоо көрсөтүп, элден кызматын аячу эмес. Жардам сурап кайрылган адамга «жок» дечү эмес. Жетим балдарга, жакыр жашагандарга жардам берчү. Бирок аны эч качан даңазалап, иштери менен мактанчу эмес. Кыргызстан үчүн жүрөгүн арнаган азамат эле. Мигрант мекендештерибиз менен көп иштешкендиктен, Кыргызстандын келечеги тууралуу да өзүнүн ой-толгоолорун, тынчсыздануусун да айтып калчу».

Москвадагы кыргыз диаспорасынын төрагасы Раимкул Аттокуров Каримов коомдук иштер менен бирге жеке ишкерликте ийгиликтүү иш жүргүзүп келгенин айтты:

Райымкул Аттокуров.

«Екатеринбург – чоң орус шаарларынын бири. Ал жакта мекендештерибиз тээ мурунтан бери эле көп. Бүтүндөй Уралда мекендештерди бириктирип турчу. Коомдук иштерден тышкары соода менен алектенчү, өзү тың, билимдүү адам болчу. Ошол эле Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда ар кандай тармакта соода кылчу. Текстил, курулуш, дагы бир нече бизнестери жөнүндө угуп калчубуз. Бирок так бир нерсе деп айтуу кыйын. Камчыбек Каримовдун мезгилсиз өлүмү – Орусиядагы кыргыздар үчүн жоготуу. Биз жакындарына көңүл айтабыз».

Орусиялык басылмалар Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасынын башчысынын өлүмүн «Таганский ряд» базарындагы соодагерлик иштерине, акча менен товарларды каттоосуз ташууга байланыштырып жазып чыгышты.

«Новая газетанын» маалыматы боюнча Каримов Кытайда өндүрүлгөн товарларды Кыргызстандыкы деп Орусияга киргизүү менен алектенген. Бул схеманын пайдасы - Орусияда Кытайдын товарларына караганда кыргыз өндүрүмүнөн бажы төлөмү алда канча аз алынат. Кытайдан чыгарылган товар Кыргызстанга киргизилип, ал жактан төмөндөтүлгөн алым менен Орусияга жөнөтүлөт.

Камчыбек Каримов.

Каримовдун жакын таанышы маркумдун жардамы менен кыргызстандык соодагерлер Екатеринбургдагы эң чоң кийим-кече саткан «Таганский ряд» базарында үстөмдүк кылып калышканын айтат.

«Бул киши «Таганский ряд» базарында кыргызстандык ишкерлерди көкүрөгүнө кысып, калкалап келген. Базардан орун алып берип, соодага аралаштырган. Каримов Екатеринбургдагы кыргыздарга гарант болчу», - дейт атын жашыруун калтырууну өтүнгөн адам.

Ал эми Жалпы орусиялык кыргыз конгрессинин Екатеринбургдагы өкүлү Матмырза Болотбеков бул кол салуу аны карактоо максатында уюштурулганын билдирди:

«Жеке ишкер катары соода менен алектенчү. Акчасын тонош үчүн артынан түшүп, атып кетишкен деп боолголоп турабыз. Өзү такыр криминалга аралашпаган, кой оозунан чөп албаган момун инсан эле».

Камчыбек Каримов диаспора өкүлдөрү менен.

Айрым маалыматтар боюнча окуя болгон жерге кылмышкерлер Түндүк Осетиянын номуру бар «Volkswagen Touareg» машинесин таштай качышкан. Күбөлөр кыргызстандык ишкерге кол салган эки адамды адатта жеке коопсуздук кызматында жүргөн жан сакчылардай сүрөттөшкөн.

Учурда Орусиянын Тергөө комитети «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Орусиянын ИИМнин аймактык бөлүмүнүн өкүлү Валерий Горелых окуянын чоо-жайы аныкталгандан кийин расмий маалымат берилерин билдирген. 3-июлга медициналык экспертиза дайындалган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.