Талашка тамызгы болгон референдум

Кыргызстандын туусу.

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Долбоорду кабыл алууда депутаттардын ортосунда талаш-тартыш жаралып, айрым эл өкүлдөрү документ мыйзамдарды, парламенттин регламентин одоно бузуу менен өткөрүлгөнүн айтышты.

Референдум өткөрүүгө каршы болгон жарандык коомдун айрым өкүлдөрү Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыгып, VI чакырылыштын депутаттарын таркап кетүүгө чакырышты.

Текебаев тапкан каталар

Жогорку Кеңештин депутаттары 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик түзүлүштү (башкаруунун формасын) аныкташ үчүн референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун 9-декабрда көпчүлүк добуш менен биринчи окууда кабыл алды.

Вице-спикер Мирлан Бакиров жыйынга 62 депутат катышып жатканын айтты жана алардын ичинен алты депутаттан башкасы документти колдоду. Долбоорго «макул» деп добуш бергендердин арасында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси, депутат Асылбек Жээнбеков да бар.

Документке алты депутат – Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Альфия Самигулина жана Евгения Строкова каршы добуш берди. Текебаев жок эле дегенде 50 депутаттын добушу керек экенин, «макул» деп добуш бергендер ага жетпей турганын айтканы менен жыйынтыгында долбоор өттү.

Дагы караңыз Референдум боюнча мыйзам бардык окуудан өттү

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өлкөнүн мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо тууралуу мыйзам долбоору чийки экенин айтып, кетирилген каталарды санап берди:

«Мыйзамдын идентификациялык белгилери, мүнөздөмөсү болот. Мыйзамдын автору, Жогорку Кеңешке келип түшкөн күнү, мыйзамдын тексти. Бул жаңы мыйзам. Бир айлык коомдук талкууда турган жок. Эми мен текстине өтөйүн. Референдум боюнча мыйзамда «Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү талап кылган маселелер боюнча демилге үчтөн эки добуш менен көтөрүлөт жана үчтөн эки добуш менен кабыл алынат» деп. Бул сөзсүз түрдө Конституцияны өзгөртүүнү талап кылган маселе. Эми мыйзамдын текстин карайлы. «Мамлекеттик түзүлүштү аныктоо боюнча референдум дайындоо жөнүндө» дейт. Урматтуу депутаттар, урматтуу авторлор, окуу китебин карап койгула. Мамлекеттик түзүлүштүн үч эле түрү бар. Бул мамлекеттин территориалдык түзүлүшүн аныктайт – унитардык, федералдык жана конфедеративдик деген үч эле түрү бар. Биз эмне, федерация болуп кеткени жатабызбы? Биз эмне, конфедерация болуп тарап кеткен атабызбы? Аталышында эле кыйшык отуруп «конфедерация болобуз» деп атпайбызбы. 40ка тарайбыз анда».

Парламент биринчи окууда колдогон мамлекеттик түзүлүштү аныктоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзамга 3-декабрда эле добуш берилмек. Бирок кворум чогулбай Жогорку Кеңештин кийинки жыйынына калтырылган. Шаршемби күнү парламент ишин 3-декабрда каралган мыйзамдарга добуш берүү менен баштады.

Сөз болуп жаткан документ парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинен эле Жогорку Кеңештин регламентин бузуу менен кабыл алынып, жалпы жыйынга шашылыш чыгарылганы сынга кабылган. Өмүрбек Текебаев долбоордун демилгечилери элди шылтоо кылып, өз максаттарын ишке ашырып жатат деп эсептейт.

Өмүрбек Текебаев.

«Садыр Жапаров түрмөдө отурганда «Менин мамлекеттик түзүлүшкө болгон көз карашым» деген бир барак кат жазган, - деп түшүндүрдү ал. - Ал ошол жерде «президент керек болсо айыл өкмөт башчысын дайындаш керек» деп жазып атат. Мыйзамда көрсөтүлбөгөнү менен ниетине, түшүнүгүнө жараша болду. Түшүнүк, ниет менен башкарылып (ред: мамлекет) жатканын баарыбыз билебиз. Шоопурларга, жансакчыларга чейин Жогорку Кеңешке көрсөтмө бергендер болгон. Эгерде ниети «айыл өкмөттү мен коём» десе, мектептин директору менен кароолчусун да ошолор коёт. Өзү койбосо анын тууган-уруктары коёт. Мына, биз «эл айтты» деп кандай системаны өткөргөнү атабыз? Биз эмне үчүн элге эки эле суроону койгону жатабыз? Элдин арасында «1993-жылкы Конституцияга кайталы» деген чоң кыймыл бар. Эгерде элдин каалоосун айталы десек. Бирок ойлонуп иш кылалы. Кандай бардак жасап койгонубузду мен 10 мүнөттө айтып бердим. Жогорку жактагыларды айтпагыла. Булар мурдагылардан да сабатсыздар».

Эки долбоор даярдоо жөнүндө сунуш

Кыргызстанда конституциялык реформа тууралуу талаш-тартыш жүрүп жатканда өкмөт башчылык кызматты убактылуу токтоткон Садыр Жапаров алгач башкаруунун формасын аныктап алууну сунуш кылган.

Ал Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, экс-депутат Курманкул Зулушев быйыл апрель айында коомдук талкууга алып чыккан мыйзамды карап көрүүгө чакырган. Ал 10-январда мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо менен чогуу референдум өткөрүү боюнча демилге көтөргөн.

Көп өтпөй Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Кыргызстанда парламенттик же президенттик башкарууну аныктоочу референдум дайындоо тууралуу Курманкул Зулушевдин мыйзам долбоорун алып чыкты. Жапаров документке экинчи окууда оңдоп-түзөтүүлөр киргизилип, айтылган сын эске алынарын билдирди.

Конституцияны өзгөртүүнү колдогон депутаттардын бири Үмбөталы Кыдыралиев референдум боюнча мындай деди:

Үмбөталы Кыдыралиев.

«2010-жылы жазылган Конституция менен жашадык го. Конституция жаман деп айта албайм, бирок иш жүзүндө бизге жакшы нерсе алып келген жок да. Биз эмне үчүн ал Конституцияга толуктоо киргизе албайбыз? Парламенттик, президенттик башкаруу формасын аныктоого ким тоскоолдук кыла алат? Анын үстүнө эл өзү сунуш кылып жатса».

Референдумду колдогондор Кыргызстанда башкаруунун формасына байланыштуу бир да жолу элдин пикири эске алынбаганын айтып, бүткүл элдик добуш берүүнү өткөрүү туура экенин жүйө кылып жатышат.

Депутат Дастан Бекешев өлкөнүн тагдырын чечүүчү маселелерди иш мөөнөтү талаш тараткан Жогорку Кеңештин VI чакырылышы караганы канчалык мыйзамдуу деген маселени көтөрүп, Конституциялык палатанын бул боюнча чыгарган чечимин эске салды:

Дастан Бекешев.

«Конституциялык палатанын чечиминде «мөөнөтү бүткөн Жогорку Кеңеш мамлекеттин тагдырына тиешелүү саясий маселелерди карап, чечим чыгарууга укуксуз» деп жазылып турат. Парламент бюджет жана башка социалдык экономикалык маселелерди кароого укуктуу. Референдум, бийликти бир адамдын колуна берүү - саясий маселе. Ошондуктан «Референдум тууралуу» мыйзамды экинчи окуудан кароодо ушул маселени да карап көргүлө».

Парламенттеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев мамлекеттик түзүлүштү аныктоо тууралуу референдум өткөрүүнү колдоп Баш мыйзам боюнча сунуш киргизди:

«Азыр Конституциялык кеңешме иштеп жатат. Алар эки Конституцияны жазышсын. Бирөө парламенттик башкаруу, экинчиси президенттик башкаруу боюнча».

«Кайсы Жапаровду угабыз?»

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Конституция өзгөртүлгөнү менен элдин көйгөйү чечилбей турганын айтты:

«Бул мыйзамдын автору ким экенин, качан, кайсы жерден капталдан чыга калганын жакшы билебиз. Бирөөнүн таштап кеткен аялын боёнтуп алып «бул менин аялым» десе эл ишенеби? Эч ким ишенбейт. Басым менен бачым кабыл алынган мыйзам мойнунан байланган итке эле окшош да. Какшып калган кадырыбызды кайтыш кылып кабырга салып атпайбызбы. Элге парламенттик же президенттик башкаруунун кереги жок. Баш мыйзам алмашканы менен элдин жашоосу алмашпайт. Бай-манаптардын эле жашоосу алмашат. Конституция алмашкандан эл эки сом да пайда көрбөйт. Элита пайда табат. Венеция комиссиясы парламентке «силердин мөөнөтүңөр да, дөөлөтүңөр да жок. Силер никтосуңар» деди. Анда биз комиссиянын корутундусун эмнеге эске албайбыз? Биз бир эле Жапаровдун сөзүн укпайлыбы. Же экинчи Жапаровдун да сөзүн уга беребизби?»

Референдум өткөрүүгө каршы болгон жарандык коомдун айрым өкүлдөрү ушул эле күнү Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыгып, VI чакырылыштагы парламенттин тарап кетишин талап кылышты.

«Дүйнөдө Конституция жазылып жатканда талкууланат. Кандай жазылып жатканын тамгасына чейин карап, тексти даяр болгондо гана референдумга алып чыгышат. Башкаруу формасын эки мүнөттө эле карап койгондой бул буйрук же жарлыкпы? Бул алдамчылык. Бул деген бир киши «өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем. Силер мага эч ким эмессиңер» дегенди билдирип жатат. Биз өз тагдырыбыз үчүн сөз айта албай калган заман келди», - деди акциянын катышуучусу, укук коргоочу Рита Карасартова.

Референдумга каршылыгын билдирип чыккан жарандык активисттер. Бишкек шаары. 9-декабрь, 2020-жыл.

Жарандык активисттер мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү жөнүндө референдум өткөрүүгө каршылыгын билдирип, жекшемби сайын пикет, митинг, жүрүш уюштуруп келатышат. Алар өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны 20-ноябрда түзүлгөн Конституциялык кеңешме талкуулап жатат.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат.

Мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өткөрүлүшү мүмкүн.