Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:52

Володиндин Кыргызстанды кыйыткан кеби


Талант Мамытов жана Вячеслав Володин.
Талант Мамытов жана Вячеслав Володин.

Октябрь айындагы толкундоодон кийин бийликке келген Кыргызстандын жетекчилиги эң жогорку деңгээлдеги биринчи чет элдик расмий сапарын Орусияга багыттады.

Президенттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытов Москвага Жогорку Кеңештин төрагасы катары барып, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Ал жерде Талант Мамытов учурда аткарылып жаткан үзгүлтүксүз жана чартердик аба каттамдары жарандардын муктаждыгын толук канааттандырбай жатканын белгиледи.

«Эки өлкөнүн ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын көбөйтүүнүн же чартердик каттамдардагы жүргүнчүлөрдүн санына киргизилген чектөөнү алып салуунун зарылчылыгы келип чыгууда. Кыргызстандын авиакомпаниялары эки өлкө ортосунда коммерциялык эмес багытта каттам жүргүзүүгө мажбур болгондуктан, билеттердин баасына терс таасирин тийгизип жатат», - деди Мамытов.

Жогорку Кеңештин расмий сайтында мындан тышкары тараптар парламент аралык кызматташтыкты жана эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларга байланышкан маселелерди талкуулаганы жазылды. Бирок коомчулуктун көңүлүн Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володиндин сөзү бурду. Ал жолугушуу учурунда мындай деген:

Вячеслав Володин.
Вячеслав Володин.

«Европада төшөлгөн килемдерге карабай ал жакта КМШ жарандарын кучак жайып эч ким күтүп аткан жок. Келечек – интеграцияда. Ар кандай факторлорду эске алып, кайсы мамлекеттер менен биригүү маанилүү экенин түшүнүш керек. Эч кимди таарынткым келбейт. Кээ бир мамлекеттердин айрым саясатчылары интеграция жөнүндө кеп козголгондо дароо АКШ тарапка бурула башташат. Ал эми оорчулук келгенде түз эле Орусияга кайрылышат».

Талант Мамытов парламенттер ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде экенин белгилеп, кыргыз тарап жетишилген өз ара байланышты мындан ары да арттырууга умтуларын билдирген.

Ошол эле маалда Кыргызстандын өзүндө Вячеслав Володиндин сөзү өлкөнүн дарегине кыйытып айтылган эскертүү катары жоромолдонуп жатат.

Дипломат Аскар Бешимов бийликке келген адамдын биринчи сапары Кремлде өтөрүн айтып, 2014-жылдан кийин Орусиянын Кыргызстанга тийгизип жаткан таасири болуп көрбөгөндөй күчөгөнүн билдирүүдө. Ал өлкөнүн тышкы саясаты көп багыттуу деп аталганы менен иш жүзүндө бир эле өлкөнүн этегин кармап келе жатабыз деген ойдо.

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

«Орусия бизге алдын ала эскертүү берип, «силер да Украинага, Молдовага, Грузияга окшош башка мамлекетке ыктабагыла» деген эле сөздү айтты. Биз болсо кепилдик берип, Орусия негизги стратегиялык өнөктөшүбүз экенин, орус тилинин макамы өзгөрбөй турганын ачык билдирдик. Ошого жараша каржылык жагынан жардам келиши керек. Жаңы бийлик азыркы маалда өзүн таанытууга болгон күч-аракетин жумшап, Москвага болушунча убада берип жатат».

Талант Мамытовду Орусияга Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков, Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Салайдин Айдаров, Гүлшат Асылбаева жана Өмүрбек Бакиров коштоп барды. Алардын бир бөлүгү Вячеслав Володиндин сөзүнө баа берүүдөн баш тартып коюшту. Бакиров бошобой жатканын айтса, Бактыбек Турусбеков «Кыргызстанга келгенде комментарий берем» деди.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков деле Володиндин сөзү «кулак кагыш» экенин жокко чыгарбайт. Бирок каалаган күнү эле Орусиядан кол үзө албайбыз деген ойдо.

Талант Кушчубеков.
Талант Кушчубеков.

«Орусия - биздин эң маанилүү өнөктөшүбүз. Реалдуу абалыбыз, саясат ушундай. Анткени бул өлкө менен биздин экономика байланган. Орусия бизге географиялык жактан да ыңгайлуу жайгашкан. Миңдеген мигранттарыбыз ошол жакта жүрөт. Албетте, бир аз намыстана түштүк. Эми алардын бизди теңсинбей жатышынын да себеби бар. Анткени азыркы бийлик убактылуу. Шайлоодон ким жеңип келерин азыр айтыш кыйын».

Талант Мамытов менен Вячеслав Володин жолуккан күнү Тышкы иштер министрлиги АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лунун өлкөдөгү абал тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди.

«Твиттердеги» расмий баракчасына жарыяланган маалыматта элчи Дональд Лунун айткандарында «ички иштерге кийлигишүү менен тергөөгө басым кылуунун элементтери бар» деп жазылган. 5-октябрда Дональд Лу парламенттик шайлоодогу добуш сатып алуу сыяктуу окуяларды сындаган.

Октябрь окуяларынан кийинки бийлик Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармап, андан казынага 2 миллиард сом өндүрүү тууралуу убадасын алып үй камагына чыгарганына токтолуп, элчи мунун башталышы жакшы болгону менен жетишсиз экенин айткан.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев көп багыттуу саясат жүргүзүү зарыл экенин билдирди:

Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

«Удаа болуп өткөн эки окуя тең Кыргызстандын тышкы саясаттагы алсыздыгын көрсөтүп койду. Жардам сурап жүрө берип эгемендикке, намысыбызга шек келтирип алдык. Өзүбүз кептелип калган туңгуюктагы кырдаалдан кээ бир өлкөлөр пайда көрүп жаткандай пикир калтырат. Чоң деңгээлдеги талашта бир жагына толугу менен кошулуп кетүүдөн кылдат болушубуз керек».

Талант Мамытов - 5-октябрдагы элдик толкундоодон кийин Орусияга барып келген алгачкы бийлик адамы эмес. Буга чейин өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артём Новиков менен тышкы иштер министри Руслан Казакбаев барып келген.

Талант Мамытов 10-январга дайындалган президенттик шайлоого катышуу үчүн убактылуу бул кызматтардан баш тарткан Жапаровдун ордуна президенттин милдетин аткарууда.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG