Убалдан коркпогон "элдик дарыгер"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ракты айыктыруунун жаңы ыкмасын таптым деп дарылаганы үчүн күнүнө 2000 сом алган табып Ашым Зайналиев тууралуу социалдык тармактарда кызуу талкууланып, анын мыйзамсыз ачылган клиникасында антисанитария өкүм сүргөнү сүрөттөлгөн. "Азаттыктын" кабарчылары табыптын клиникасын көрүп, анын дарылоо ыкмасына медициналык баа берген адистерди табууга аракет кылды.