Таласта калыстык издеген айылдаштар
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Таластын Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын нааразы тургундары уулдары мамлекеттик кызматта иштеген айылдагы үй-бүлөнүн кысымына кабылдык деп өткөн ишембиде нааразылыкка чыгышты. Жергиликтүүлөр бул үй-бүлө үлүш жерлерди тартып алды, айылдагыларды жаш-карысына карабай кара жумушка мажбурлап акысыз иштетти, мыйзамсыз аракеттерге барды деп күнөөлөшөт. Облустук ИИБ тешерүү жүрүп жатканын, анын жыйынтыгында мыйзамдык баа берилерин билдирди.