Өкмөт башчыны сынаган байланыштар

Мухаммедкалый Абылгазиев.

Депутаттар өкмөттөгү тууганчылык байланыштар жана кландык кызыкчылыктар боюнча жагдайларды иликтей турган болушту.

Буга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бир тууган бажасынын уулу кыйла көп маяна чегерилген «КТ Мобайл» компаниясынын жетекчилигинде иштеп келгени негиз болду. Премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев Абылгазиев бажасынын уулу «КТ Мобайл» компаниясына дайындалганын буга чейин билбегенин айтып, ал кызматтан кетиши керек деп эсептей турганын билдирди. Ал өкмөт башчы "мамлекеттик иш менен туугандык мамилелер сыйышпайт" деп эсептей тургандыгын айтты.

Абылгазиевге ташталган чакырык

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов акыркы окуяларга байланыштуу өкмөт башчы Абылгазиевди өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө чакырды. Анын айтымында, премьер-министрдин бажалары, туугандары жана достору мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүгө аралашканы боюнча маалыматтардын ачыкка чыгышы өкмөт башчыны оңтойсуз абалга калтырууга тийиш. Ошондуктан Шыкмаматов премьер-министрге байланышкан мындай жагдай элдин бийликке болгон ишенимин жокко чыгарды деп эсептей турганын айтты:

Алмамбет Шыкмаматов.

«Премьер-министрдин бир бажасы санариптештирүү деген тармакты башкарып жатса, саламаттык сактоо министри өзүнүн кара чечекей досу болсо, мамлекеттик «Альфа-Телеком» компаниясы менен премьер-министрдин бир тууган бажасынын уулу жетектеген «КТ Мобайл» компаниясынын ортосунда шектүү келишим ачыкка чыгып жатса, ага олчойгон маяна чегерип беришкени чыкса, анын ал бажасынын уулун кызматтан алып коюу менен эле чектелип калбашыбыз керек. Бул элди дагы бир жолу алдоо болуп калат. «Үй-бүлөлүк, кландык башкаруу болбойт» деп президент баш болуп, премьер-министр төш болуп айтып жатканда мындай көрүнүштөрдүн ачыкка чыгып жатканы туура эмес. Премьер-министр өз ыктыяры менен кызматтан кетип, элден кечирим сурап койсо туура болмок. Анткени "сунулган башты суурулган кылыч кеспейт" дейт элибизде. Бирок көгөрүп эле «жок, бул эч нерсе болбойт, ушундай боло берет, мунун баары өтүп кетти» дей бере турган болсо анда элдин бийликке болгон ишеними кетет».

Өкмөт башчы Абылгазиевдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев мурдагы министр, «Ачык өкмөт» уюмунун башчысы Иманкадыр Рысалиев премьер-министрдин бажасы экенин ырастады. Бирок анын айтымында, премьер-министр бажасынын уулунун «КТ Мобайл» компаниясынын топ-менежерлигине дайындалганын билген эмес.

Адилет Султаналиев премьер-министр мамлекеттик кызматта туугандык байланыштарга жол бербей турганын билдирди:

«"Ачык өкмөт" уюмунун башчысы Иманкадыр Рысалиев премьер-министрдин бажасы экенин ырастайбыз. Бирок анын уулу Эрназар Иманкадыр уулу «КТ Мобайл» компаниясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалганын премьер-министр буга чейин билген эмес. Бул жагдайда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ал кызматтан кетиши керек деп эсептейт. Мухаммедкалый Абылгазиев кадрдык чечимдер, мамлекеттик ишмердик менен туугандык байланыштар эч сыйышпайт деген принципти карманат. Бул анын досторуна жана туугандарына жакшы белгилүү».

«Көмүскө башкаруучулардын» көлөкөсү

Ал арада эркин саясатчы Эдил Байсалов азыркы бийликте да премьер-министрдин бир тууган бажасы, мурдагы министр Иманкадыр Рысалиев сыяктуу «көмүскө башкаруучулар» пайда болду деп эсептейт. Анын айтымында, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы чечим кабыл алууга көмүскө таасир эткен аракеттер жазасыз калбашы керек.

Эдил Байсалов.

«Азыркы убакта үй-бүлөлүк, кландык башкаруу деп президент тарапты микроскоп менен карап жатканда, көрсө үй-бүлөлүк, тууганчылык байланыштар башка жакта өрчүп жаткан экен, - деди ал. - «КТ Мобайл», Иманкадыр Рысалиев... Ал кишини биз Акаевдин доорунан бери жакшы билебиз. Ал адам Акаевдин жанында көлөкөсүндө жүрсө, кийин Бакиевдин жанында, Жаныштар менен бирге жүргөн Иманкадыр Рысалиев бизге акыл айтат бекен? Азыр эми өзү «Ачык өкмөт» дегенде иштеп, анан өзү азыркы өкмөт башчынын бир тууган бажасы болуп чыгып жатат. Анан «Ак үйдүн» жетинчи кабатында отурган адамдарга «мен президент кылгам» деп буйруктарды берген кишини биз деле угуп жатабыз».

Анткен менен Иманкадыр Рысалиев анын «КТ Мобайлга» эч кандай тиешеси жок экенин айтып, анын чет өлкөдө окуп келген уулу өз эмгеги менен эле кызматка чакырылганын белгиледи. Ал президент менен мамилеси жакшы экенин, бирок бажасынын премьерликке келишине анын таасири тийбегенин айтты. Ошондой эле Иманкадыр Рысалиев аны коомчулукта азыркы бийликтин «көмүскө башкаруучусу» деп айтып жаткан дооматка жооп кайтарды:

Иманкадыр Рысалиев.

«Мага чейин да «көмүскө башкаруучулар» болгон. Мен алардын аты-жөнүн атагым келбейт. Ар кандай «Шоопур», «Шумахер» деген... Сураныч, мени аны менен салыштырбагылачы. Анткени алар касапчы, айдоочу болушкан. Мен мамлекетчилмин. Мен улуттук валютаны киргизгем. Мамлекеттик сыйлыктардын ээсимин. Союз мезгилинде экономика боюнча илим жактаган адаммын. Илимий эмгектерим бар. Мен Кантты, Гегелди, Фейербахты, Марксты окугам. Акаев, Бакиев менен иштештим. Атамбаев менен иштеген жокмун. Мен азыр кайсы бир мамлекеттик кызматка барайын деген оюм жок. Бул эми менен тууганым премьер-министр болуп иштегени үчүн эле эмес».

Эрегишүүнүн эсеби

Ошол эле кезде Интернетте премьер-министр Абылгазиевдин башка бажалары, жакын достору жана инилери да мамлекеттик маанилүү кызматтарда иштеп жатканы жөнүндө маалыматтар тарады. Депутат Рыскелди Момбеков бул тууралуу мындай дейт:

Рыскелди Момбеков.

«Ошол кезде Бакыт Шаршембиев «Кыргызтелекомду» жетектеп турган учурдагы иштерди сурасам, мамлекетке зыян келтирген 8 кылмыш иши бар экен. Анан мен парламентте «8 кылмыш иши бар кишини эмнеге кайра кызматка алып келип жатасыңар?» деп маселе көтөрсөм, Бакыт Шаршембиев мени сотко берип, мен бүгүн сотто жүрөм. Ал эми тигил 8 кылмыш иши дагы эле сотко жете элек. Азыр бир туугандар, бажалар тууралуу маселе көтөрүлүп калганда мен «башкалардын эмес эле бажалардын куйругун басып алган турбаймбы» деген ойго келдим».

Бирок өкмөт башчынын башка бир бажасы катары сыпатталган Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиев муну депутат Рыскелди Момбековдун жеке кызыкчылыгына байланышкан курулай каралоо катары төгүндөдү:

Бакыт Шаршембиев.

«Биз эч кандай бажа эмеспиз. Биздин эч кандай тууганчылык байланышыбыз да жок. Мен өзүм Чүйдөн болом. Келинчегим Таластан болот. Бул Момбеков өзү 2015-жылдан бери мага каршы болуп жүрөт. Ошондон бери ар кандай нерсени жазып, мени каралап келатканынан улам сотко бергем. Ал негизи жеке өзү менин апам менен бир айылдан, бир уруудан болушат. Менин тууган-уруктарымды ал өзү сопсонун эле билет. Ошондуктан бул чындыкка коошпойт. Жалган маалымат. Атайын мени каралоо деп айтам».

Жогорку Кеңеште «КТ Мобайл» чатагын иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Депутаттар бул иштин алкагында өкмөттөгү тууганчылык байланыштар жана кландык кызыкчылыктар боюнча жагдайларды да иликтей турганы жарыяланган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.