Айсулуунун күрөшү

Айсулуу биринчи беттешинде, 1/8 финалда бразилиялык Жойс Силва менен күч сынашып 11:8 эсебинде жеңишке жеткен.

Айсулуу Тыныбекова быйыл апрель айында Астанада өткөн азиялык лицензиялык мелдеште алтын байге алып Олимп оюндарына жолдомо алган. Финалдык таймашта монголиялык Орхон Пуревдоржду 10:5 эсебинде жеңген​.

Ал ошондой эле ушул жылдын февраль айында Таиланддын Бангкок шаарында өткөн Азия чемпиондугунда алтын медал тагынган.

Быйыл ал экинчи жолу Олимп оюндарында күчүн сынады. 2012-жылы Астанада болгон лицензиялык мелдеште Лондон олимпиадасына жолдомо алып, ал мелдеште 63 килограммга чейинки салмакта таймашкан. Биринчи беттешинде швециялык Хенна Юхенсонго жеңилип байгеден кур калып, 14-орунду алган.

Чейрек финалда болсо 2015-жылдагы дүйнө чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси финляндиялык Петра Олли менен таймашып 14:7 эсебинде утуп алган.

Айсулуу Тыныбекованын ата-энеси, туугандары анын беттешүүсүн теле аркылуу көрүп, сүрөөнгө алуу үчүн Кочкордогу үйүнө чогулушкан. Майлы-Суу шаарынан 80 жаштагы таянеси да келген.

58 килограммга чейинкилер арасындагы жарым финалдык күрөштө Тыныбекова орусиялык Валерия Коблова менен таймашып, 4:1 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.

Коло байге үчүн таймаштар Бишкек убактысы боюнча 18-августка караган түнү саат 2:00до башталат.