Оор атлетика: өлкөнү кыйырга тааныткан спортчулар

25 жаштагы Бакдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Кыргызстандын беш жолку чемпиону. Ал Токио оюндарында 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашат. 

Оор атлетчи Иззат Артыков 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимп оюндарына катышып жаткан учуру. 

Иззат Артыков Риодогу Олимп оюндарында 3-орунду алып, канынан кызытма чыкты деген негизде сыйлыгынан кол жууган. Буга байланыштуу эл аралык спорттук арбитраждык соттун чечими менен Артыков эл аралык мелдештерден эки жылга четтетилген. 

2018-жылы Артыков спортко кайтып, Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн Жайкы Азия оюндарында коло байгеге ээ болгон.

Оор атлет Жаңыл Океева Риодогу Олимп оюндарына катышып жаткан учуру.

Жаңыл эгемен Кыргызстандын тарыхында оор атлетикадан Олимп оюндарына катышкан алгачкы спортчу кыз болуп калды. Ал 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимп оюндарында кыз-келиндер арасындагы мелдеште жалпы эсепте 10-орунга илешип, мелдештен четтеген. 

Оор атлетика боюнча эл аралык спорттун чебери Бекзат Осмоналиев. 
Бекзат Осмоналиев 2012-жылы Лондондо өткөн Олимп оюндарында ​56 килограммга чейинки категорияда эркектер арасында “А” тобунда мелдешке чыгып, 127 килограмм оордукту жулкуп көтөрүп, бирок түртүп көтөрүүдө 145 килограмм көтөрө албай калып, мелдештен четтеген эле.  

Улан Молдодосовдун Бээжин оюндарына катышып жаткан учуру.
 
Улан Молдодосов 2004-жылы Афины жана 2008-жылы Бээжиндеги Олимп оюндарына катышкан. 

Улан Молдодосов оор атлетика боюнча Азиянын эки жолку чемпиону. Азия Кубогунун жеңүүчүсү. 2008-жылы  Бээжиндеги Олимп оюндарынын ачылуу аземинде Кыргызстандын желегин көтөрүп чыккан.

Оор атлетика боюнча Азия чемпиону Митал Шарипов 2000-жылы Сиднейде, 2004-жылы Афиныда өткөн Олимпиада оюндарына катышкан. Афины оюндарынын ачылуу аземине Кыргызстандын желегин көтөрүп чыккан.
 
Митал Шарипов 1994-жылы Хиросимадагы 12-Азия оюндарында коло медаль, Азия чемпионатында күмүш медаль уткан. Жети жолу жылдын "мыкты спортчусу" аталган. Кийинки учурда оор атлетика боюнча Кыргызстандын жаштар командасынын башкы машыктыруучусу болуп иштеп жүргөн. Ал 2011-жылы оорудан улам каза болгон. 

Дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку жана Олимп оюндарынын чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Осмоналиев. Ал I даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

Каныбек Осмоналиев ​1980-жылы Москвада өткөн Олимп оюндарында оор атлетка боюнча мелдеште 52 килограммга чейинки салмакта 245 килограмм салмакты көтөрүп, алтын медалды тагынган.

Оор атлетика боюнча Кыргызстандын командасы 1934-жылдан бери ар кыл мелдештерге катышып келет. Кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан Каныбек Осмоналиев дүйнө чемпионатында 4 жолу алтын байгелүү болгон. Москвадагы олимпиадалык оюндарда чемпион аталган.