Олимп оюндарына аттанган 16 спортчу

21 жаштагы Каныкей Кубанычбекова кыргыз спортунун тарыхында ок атуу спорту боюнча кыздар арасынан биринчи жолу Токиодогу Олимпиадага жолдомо алды. Каныкей 24-июлда мелдешке чыгат. 

Роман Петров Ташкент шаарында өткөн фехтование боюнча Азия-Тынч океан квалификациялык мелдеште алтын байге тагынды. Ошондой эле, Токио Олимп оюндарына жолдомону утту. Ал фехтование боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү. Фехтование боюнча Азия чемпиону. Фехтования боюнча мелдештер 25-июлда, Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 6:00дө башталат. 

Дзюдочу Владимир Золоев Орусиянын Владикавказ шаарында туулган. 2015-жылдан бери эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп келет. Ал 2017-жылы Баку шаарындагы IV Ислам Шериктештиги оюндарында, ушул эле жылы Азия чемпионатында, 2018-жылы Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында коло байгелердин ээси болгон. 2021-жылдын апрель айында Бишкекте өткөн Азия жана Океания чемпионатында алтын байге утуп алган.

Владимир 27-июлда мелдешке чыгат. Дзюдо боюнча мелдештер Бишкек убактысы боюнча эртең мененки саат 8:00дө башталат. 

Суучул Денис Петрашов кыргызстандык спортчулардын катарынан биринчи болуп Жапонияда өтө турган олимпиада оюндарына жолдомо алган. Спортчу брасс стилинде жана 100 метрге сүзүү боюнча мелдештерге катышат. Денис катыша турган мелдештер 28-июлда, Бишкек убакыты боюнча саат 16:00дө башталат. 

25 жаштагы Бакдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Кыргызстандын беш жолку чемпиону. Ал 90 килограммга чейинки салмакта мелдешке чыгат. Оор атлетика боюнча мелдештер 31-июлда өтөт. 

Жоламан Шаршенбеков учурда 21 жашта. 2018-жылы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш байге уткан. Ал 11-апрелде Алматы шаарында Азиялык мелдеште лицензия алган. Эми Жоламан грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмакта Кыргызстандын намысын коргойт. Балбан 1-августа мелдешке чыгат. 

22 жаштагы Айпери Медет кызы Азия оюндарынын, Азиянын жана Дүйнө кубогунда күмүш, коло байгелерди уткан. Айпери Медет кызы 1-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта килемге чыгат. Мелдеш таңкы саат 8:00дө башталат. 

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта Олимп оюндарына жолдомо алган. Мээрим ушул жылдан январь айында Дүйнө кубогунан алтын медаль утуп, апрель айында Азия чемпиону болду. 

Акжол Махмудов 18 жашында Азия чемпиону болгон. 

Балбан Үзүр Жусупбеков 2-августта грек-рим күрөшүнөн 97 килограммга чейинки салмакта Кыргызстандын намысын коргойт. 

 

Айсулу Тыныбекова – спорттук карьерасындагы үчүнчү Олимп оюндарына дүйнө чемпиону, өз салмагындагы фаворит катары бара жатат. Балбан кыз Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү уюмунун (UWW) рейтингинде биринчи орунда турат. Айсулуу Азия чемпионатын төрт, Азия оюндарын бир, Дүйнө чемпионаты менен Дүйнө кубогун дагы бир жолудан утуп алган. Эми Олимп оюндарынын алтынын алууга Айсулууда бүт мүмкүнчүлүктөр бар. Буга балбандын жашы, спорттогу тажрыйбасы дагы туура келет.

Атабек Азисбеков 2019-жылы 16-сентябрда Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында  5-орунду ээлегени үчүн олимпиадага жолдомо алган. Ал грек-рим күрөшүнөн 87 килограммга чейинки салмакта күрөшөт.

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөсү Нурсултан Кеңешбеков Токиодогу Олимпиада оюндарында 5000 метр аралыкка жарышка чыгат. Жеңил атлетиканын бул түрүнөн мелдеш 3-августа өтөт. 

22 жаштагы балбан Эрназар Акматалиев Нарын районунун Ортозар айылында туулган. Жети жашынан бери күрөш менен машыгып келатат. 2015-жылы Индияда өткөн өспүрүмдөр (Кадеттер) арасындагы Азия чемпионатында коло байге тагынган. Жаштар арасындагы Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси. Эрназар Акматалиев 5-августа эркин күрөштөн мелдешке чыгат. 

Эркин күрөш боюнча балбан Айаал Лазарев олимпиада оюндарында 125 килограмм салмакта күрөшөт. Эркин күрөш боюнча мелдештер 5-6-августка белгиленген. 

Дарья Маслова - Азия оюндарынын жана Азиянын эки жолку чемпиону. Маслова 5000 жана 10 000 метр аралыкка чуркаган жеңил атлет. Акыркы жылдары ал күчүн марафондук жарыштан сынап, Олимп оюндарына жолдомону дал ушул дисциплинадан алды.​ Жеңил атлет 8-августа мелдешке чыгат. 

Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу катышууда. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги кыргыз спортчулары бир алтын, эки күмүш жана эки коло медал утат деп божомолдоп турат.