Сапатсыз бензин ден соолукту талкалап жатат

Токмокто тартылган сүрөт.

Экологдор Кыргызстанга сырттан ташылган күйүчү майдын сапатына кабатыр. Мунун кесепети элдин ден соолугуна олуттуу таасир этип, калктын саламаттыгы начарлап жатканын айтышууда.

Кыргызстандагы машинелер жыл сайын дээрлик 1,5 млн. тонна күйүүчү май керектейт. Анын көбү Орусиядан ташылат. Бензиндин сапатына бензол, спирт, октан, көмүрсуутек, күкүрт, суу, сыяктуу бир канча заттар таасир этет.

Мунун баары иштетилип, абага түтүн болуп тараганда ал адамдын ден соолугуна канчалык зыяндуу болору өзүнчө талкууну талап кылат. Кыргызстанда азыр бул таасирди иликтеп, изилдеген лаборатория жок.

Эркин эксперт Максат Мамытканов өкмөттүн «жеке ишкерлерди текшерүүгө тыюу салган» токтому сапатсыз бензиндин ташылышына жол ачып жатканын айтты:

Максат Мамытканов.

- «Бизнеске жеңилдик киргизебиз, шарт түзүп беребиз» деп текшерүүнүн баарын өкмөт токтотуп койгон. Ошол мораторий иштеп атат. Эми ал мораторий кандай жыйынтык берип жатканын көрүп турабыз. Сапаты төмөн күйүүчү май бизге каяктан келип жатат? Аны ким сатып, ким өндүрүп, пайдасын ким көрдү? Азыр бул суроолорго жооп берген киши жок. Азыр тонналаган бензин сатылып атат, анын акчасы биздин ден соолугубузга пайдасын тийгизип атабы же зыянын тийгизип атабы? Кеп ошондо болуп жатпайбы.

Дарыгерлер абанын булганышынан адамдардын дем алуу органдары, кан айлануу системасы жабыркай турганын белгилешет. Маселен, акыркы он жылда Бишкекте ошондой илдеттерден жабыркагандар 55% көбөйгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин илимий-өндүрүштүк бирикмесинин жетекчиси Омор Касымов өкмөт бул көрсөткүчкө убагында маани бериши керек деп эсептейт.

- Дем алуу органдарындагы кан айлануу системасынан жабыркагандардын саны жагынан ар бир 100 миң адамга 55 киши туура келет, - деди ал. - Бул аныкталган эле фактылар. Билбей, дарыгерлерге көрүнбөй жүргөндөрү канча? Биз бул жыйынтык менен эле, абанын булганышы адамдарга кандай таасир этип жатканын билип алсак болот.

Талант Сооронбаев.

Буга чейин Кыргызстандын өпкө илдеттери боюнча башкы дарыгери Талант Сооронбаев кийинки жылдары машиненин санынын көбөйүшү менен дем алуу органдары ооруган адамдар көбөйүп жатканына тынчсыздануусун билдирген:

- Ушул тапта оор илдеттерге чалдыккандар көбөйдү. Өпкөнү эт басып, дем албагыдай абалга жеткирип жатат. 10 жыл мурун абал мындай эмес эле. Эң өкүнүчтүүсү - аларды айыктырчу дарылар да жок. Мен муну ушул экологияны көзөмөлдөгөн мекемелердин иши солгун жүргөнү менен түшүндүрөт элем. Анткени шаардагы бир топ машинелерди айдаганга тыюу салыш керек. Эл өзү да сергек жашоого умтулушу керек. Үчүнчүдөн, жөө адамдарга, велосипедчендерге атайын шарт түзүлүшү керек. Тротуарлар ыңгайлуу болсо, веложолдор курулса, көп жарандарыбыз машине айдамак эмес.

Дагы караңыз Жашыл планета: Көкөй кескен көк түтүн

Автоунааларга жана учактарга күйүүчү майдын коопсуздугу тууралуу Евразия Экономикалык Биримдигинин техникалык регламентинин келишими 2019-жылдын июнь айында күчүнө кирген.

Кыргызстанга бир жылда керектөөчү 1,5 млн. тонна бензиндин бир миллиону Орусиядан ташылат. Калганы Казакстандан алынса, азыраагы Кыргызстандагы мунай өндүрүүчүлөр аркылуу камсыздалат.

Экономика министрлигинин өкүлү Бакытбек Шабданов абаны булгабай сактап калыш үчүн жалаң эле өкмөт аракет кылбай, эл менен комплекстүү иш жүргүзүү керек деген оюн ортого салды:

- Эгер машинелерди табигый газ менен жүргөндөй кыла турган болсок, азот эки эсе, көмүрсуутек үч, октан саны сегиз эсе азаймак. Ошондуктан бул маселени комплекстүү караш керек. Жалаң эле өкмөткө түртө салган болбойт.

Абанын булганышы, сапатсыз бензин жагуу, Кыргызстандагы экологиялык абал, «жашыл экономикага» өтүү маселелери боюнча 9-октябрда Бишкекте жыйын өттү. Талкууну «Жашыл энергия» коомдук фонду уюштурган. Иш-чарага өкмөт өкүлдөрү, коомдук активисттер жана адистер чакырылган.

Фонддун жетекчиси Анара Султангазиева Кыргызстан сапатсыз бензиндин таштандысына айланып калбашы үчүн ушундай иш-чара уюштуруп жатканын айтты:

Анара Султангазиева.

- Биздин мамлекет сапаты төмөн бензиндин таштандысына айланып баратат. Кошуна мамлекеттер өз өлкөсүндө к4, к5 сапатында бензин сатышат. Биз болсо сапатсыз бензинден арыла албай жатабыз. ЕАЭБдин техникалык регламентинин келишими боюнча Кыргызстан 2023-жылга чейин бул маселени чече албайт экен. Биз ушул маселени жөн калтырбай, көтөрүп чыгалы деп чечтик. Биз канткенде абанын тазарышына жардам бере алабыз? Ушул маселени карайбыз.

Ушул жылдын июнь айында Бишкекте «Таза аба үчүн» акциясы өтүп, айдоочуларга жана МАИ кызматкерлерине автомашинадан зыяндуу заттардын чыгышын азайтуу жана андан сактануу боюнча кеңештер берилген. Аны «МувГрин» экологиялык коомдук уюму менен жол көзөмөлдөө кызматкерлери бирге уюштурушкан.

- Бишкекте машине абдан көп жана күйүүчү майдын сапаты начар. Маршруттук таксилердин көпчүлүгү дизел менен жүрөт. Автоунаалардан чыккан газ айдоочулардын ден соолугуна зыян. Мисалы, автоунааны техникалык текшерүүдөн өткөрүп, сапаттуу майды, катализаторлорду колдонсок, абанын булганышы азаят, – деген уюмдун директору Мария Колесникова.

Кыргызстанда расмий катталган 1 миллион 200 миң автоунаа бар. Бишкек шаарынын жол түзүмдөрү 50 миң даана машинеге гана ылайык экенине карабастан күнүнө ары-бери жүргөн машиналардын саны 400 миңден ашат.

"Азаттыктын" архиви: "Ышталган Бишкек". Уланбек Эгизбаевдин иликтөөсү. 24-январь, 2018-жыл.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.