Олимпиадага аттанган спортчулар

Грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов. 

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Кыргызстандын курама командасынын капитаны Атабек Азисбековго Кыргызстандын желегин тапшырды.

Олимпиадага катыша турган спортчулар министр менен жолугушууга параддык кийим кийип барышты. Социалдык тармакта спортчулардын олимп оюндарынын ачылуу аземине кие турган параддык кийими талкуу жаратты.
 

Жайкы Олимпиадага 18 кыргызстандык спортчу жолдомо алган. 

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы менен жолугуп, спортчуларга ийгилик каалады. 

Төрт жылда бир уюштурулчу эл аралык спорт мелдеши 2020-жылы коронавирустан улам өтпөй калган жана 2021-жылга жылдырылган. 

Эл аралык мелдешке Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет Кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Эрназар Акматалиев, Владимир Золоев, Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая, Роман Петров, Бакдөлөт Расылбеков, Каныкей Кубанычбекова жана Денис Петрашов барат.

Москва Олимпиадасынын чемпиону, спорт ардагери Каныбек Осмоналиев.

Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери азырынча Олимп оюндарынын төрт байгесине ээ болду. 2000-жылы Сиднейде өткөн Олимпиадада дзюдочу Айдын Смагулов коло медал тагынса, 2008-жылы грек-рим күрөшүнүн балбандары Канат Бегалиев күмүш жана Руслан Түмөнбаев коло байге уткан. Ал эми балбан Базар Базаргуруевге Бээжинде күмүш медалды уткан украиналык Виталий Федоришиндин канынан кызытма табылган соң, тогуз жылдан кийин Олимпиаданын коло байгеси ыйгарылган.

Пандемиядан улам бир жыл кийинкиге жылдырылган Олимп оюндары Токиодо 23-июлдан 8-августка чейин өткөнү жатат. Ага 200гө жакын улуттук олимпиада комитетинин мүчөлөрү катышары күтүлүүдө. 

Кыргызстандык 18 спортчу Токиодо өтө турган жайкы олимпиада оюндарына аттанды. Жайкы олимпиада оюндары 23-июлда Жапониянын борбору Токиодо башталат. Кыргыз спортчулары жалпы спорттун тогуз түрүнөн оюндарга жолдомо алышкан.