Атамбаев: Армиядан акча аябайбыз

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күнүнө арналган салтанатта билдирди. Мамлекет башчы кыргыз армиясы абдан оор жолду басып өткөнүн, куралдуу күчтөргө көңүл бурулбагандыктан улам көптөгөн офицерлер кызматын таштап кетүүгө аргасыз болгонун белгиледи. Президент учурда армиянын күч-кубатын арттыруу үчүн мамлекет бардык аракетин жумшарын убада кылды. (Тасма президенттин басма сөз кызматыныкы)