Кенге каршы чыккандар жол тосууга камынууда

Нарын районунда Солтон-Сары кенин иштетүүгө каршы чогулуп тургандардын лидерлери менен жергиликтүү бийлик башчылары жолукту. 

Жолугушууга облустун, райондун, күч органдарынын жетекчилери катышты.

Кытайлык компанияга нааразы болгон 600-700гө чукул жергиликтүү адам ишти токтотууну талап кылып 5-августта нааразылыкка чыккан. Ошол күнү чыр тутанып, 47 кытай жараны, бир жергиликтүү тургун жабыркаган.

Солтон-Сары алтын кениндеги кытай-кыргыз «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын иши токтотулганын 7-августта вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго таянып өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

«Zhong Ji Mining Company» Бишкектен 355 чакырым аралыкта, деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан Солтон-Сарыда 2009-жылдан тартып иштейт.

Солтон-Сары кени Бучук жана Алтын-Төр деген эки участоктон турат.

Нарындагы Кара-Чий айылынын жанына чогулган эл Солтон-Сары жайлоосундагы алтын кенди жабууну талап кылып турушат.