Баңгизат чыры: Шектүү милиционердин жакындары бийликке кайрылды

Кыргызстандын милиция кызматкерлери.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан баңгизатка шектүү катары кармалган милиция кызматкеринин жакындары ал мыйзамсыз кармалганын жана кыйноого кабылганын билдирип чыгышты.

Быйыл 12-мартта Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн беш кызматкери келе жаткан машинени токтотуп, баңгизатка байланыштуу кылмышка шектүү катары милициянын капитаны Айбек Жакыповду кармаган.

УКМКнын маалыматына караганда, Жакыповду кармоо учурунда ал кетип бараткан автоунаадан 130 грамм гашиш табылган. УКМКнын бул операциясы Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен чогуу өткөрүлгөн. Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов мындай дейт:

Рахат Сулайманов.

«Такталган маалымат боюнча Түп райондук милициясынын кызматкери жергиликтүү тургундарды коркутуп баңгизаттарды алып, сатыш үчүн Чүй облусуна жиберип турган. 1982-жылы туулган милиция кызматкери бул иш менен бир топтон бери алектенип келген. Бул факт боюнча материалдар 267-берененин («Сатуу максатында баңгизат каражаттарын даярдоо») негизинде бирдиктүү реестрге катталган. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат».

Дагы караңыз Таттууга баңгизат каткан мафиянын жолу

Айбек Жакыповдун жакындары милициянын капитанын кармоо учурунда бир катар мыйзам бузулганын айтып жатышат. Алардын маалыматына караганда, УКМКнын кызматкерлери машинеден табылган баңгизат Жакыповго таандык экенин далилдей алышкан эмес. Анткени баңгизат Айбек Жакыповдун жанынан эмес, ал жүргүнчү катары кетип бара жаткан машинеден табылган. Кылмышка шектүү деген милиция кызматкеринин иниси Нурбек Жакыпов буларды билдирди:

"Атайын кызматтын өкүлдөрү Айбек Жакыпов бара жаткан машинени Түп-Каракол жолунан тосуп, токтотушкан. Агам өзүнүн кесиптештери менен күндөгүдөй эле жумушуна бара жаткан. Машиненин ичинде Жакыповдон башка дагы төрт кызматкер болгон. УКМКнын кызматкерлери алардын колун толгоп жерге басып, машинеге баңгизатын таштап коюшканын агам Айбек Жакыпов көрүп калган. Андан кийин байкемден башкасын коё беришкен. Азыр УКМКда анын кылмыш кылганын аныктаган так далилдер жок".

Тергөө учурунда үй камагында болуп келген Айбек Жакыпов Каракол шаардык сотунун чечими менен 12-октябрда камакка алынган. Анткени анын ишине «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Пара талап кылуу» беренелери да кошулган. Бул кылмыш иштеринин козголушуна 2018-жылы талаада баңгизат чогултуп жүрүп, Ак-Суу районунан кармалган үч жарандын жазган арызы негиз болгон экен. Алар тергөөнүн жүрүшүндө Айбек Жакыповго каршы көрсөтмө беришкен.

Шектүүнүн бир тууганы Нурбек Жакыпов Айбек Жакыповго Ысык-Көлдүн прокуратурасы каршы иштеп, баңгизаты менен кармалган адамдарды арыз жаздырган деп эсептейт:

«Агам 2018-жылы Ак-Суу районунда иштеп жүргөндө баңгизат чогултуп жүргөн төрт кылмышкерди кармаган. Аларды камоо үчүн алып келе жатканда райондун прокуратурасынан чалышкан. Алар «менин тууганымды кармап алыптырсың, бошот» дегенде, Айбек макул болбой койгон. Ошондон кийин куугунтук башталган. Өчөшүп калган прокуратура кызматкерлери кылмышка шектүүлөргө арыз жаздырып алып, 2018-жылы агама кылмыш иши козголгон. УКМК агамды соңку сегиз айдын ичинде бир нече жолу эле суракка чакырган. Акыры үй камагында жүргөндө камакка алуу максатында эки жыл мурдагы ишин кайра алып чыгышты».

Бир нече оор беренелер менен айыпталып жаткан Айбек Жакыпов 2005-жылдан бери Ички иштер министрлигинде иштеп келген. Ал өзүнө коюлуп жаткан айыптар менен макул эмес экенин айтып, машинеден табылган баңгизатты УКМКнын кызматкерлери атайын таштаганын жакындарына айтып берген.

Анын апасы Үмүт Бердибекова атайын кызматтын өкүлдөрү уулуна күч колдонуп, кыйноо жолу менен кылмышты моюнуна алдырганга аракет кылганын айтып жатат:

Үмүт Бердибекова.

«Улуумду кыйнап «моюнуңа ал» деп сабашкан. Анын кашы жарылып кетиптир. Айбекти азыркы күнгө чейин кыйнап жатышат. Анын ден-соолугу да жакшы эмес. Акыркы жолу төрт саат кыйнап, тапанча такаганга чейин барышыптыр. Ага психологиялык жактан да басым болууда. Биз бийлик өкүлдөрүнө акыйкат издеп кайрылып жатабыз. Балама козголгон кылмыш иште акыйкат жок болуп жатат».

Кыйноого каршы ишти Аскер прокуратурасы көзөмөлүнө алган. Жакыповдун жакындары Кыйноого каршы улуттук борборго да арыз жазышкан. Алар көзөмөл органы УКМКнын кызматкерлерине эч кандай чара көрбөгөнүн айтып нааразы болуп жатышат.

Ал эми УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов атайын кызматтын дарегине айтылып жаткан дооматтарга мындай жооп берди:

«Айбек Жакыпов кармалгандан кийин УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча бөлүмүнө жеткирилген. Ал жерден кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында өзү үстөлдү бир нече жолу сүзгөн. Аны УКМКнын кызматкерлери дароо Ысык-Көл облустук ооруканасына алып барышкан. Бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза да дайындалды».

Дагы караңыз УКМК: Ишкердин машинесине баңгизат таштаган эки милиционер кармалды

Кыйноого каршы улуттук борбордун 2019-жылдагы статистикасына караганда, Кыргызстанда кыйноого кабылгандардын 90% милиция кызматкерлеринен жапа чеккени аныкталган.

2019-жылы кыйноого, катаал мамилеге жана кармоонун канааттандырарлык эмес шарттарына даттанган 152 арыз түшкөн.