Даттанган милиционер иштен алынды

Сузак районундагы карантиндик посттордун бири. март 2020-жыл.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери «жалган маалымат таратты» деген негизде кызматынан алынды.

Мурдараак ал кызматкердин «Сузактагы карантиндик постто турган милиционерлерге коргоочу каражаттар жетишсиз, тамак-аш жакшы берилбей жатат» деп айтып чыккан видеосу Интернетке тараган. Милициянын сержанты Бектур Ойдонкулов чындыкты айтканы үчүн иштен мыйзамсыз алынганын билдирди:

«Бул Сузактын Благовещенка айылында төрт көчөдөгү карантиндик блокпост. Жакында эле ЭлТР телеканалынан келишкенде коргоочу кийимдерди кийгизип, видеого тартып бүткөн соң алып койду. Эч кимисинде коргоочу кийимдер жок. «Үч маал ысык тамак, форма менен камсыздалды» деген маалымат жалган. Мына, көрүп тургандай эч кимисинин коргоочу кийимдери жок. Өздөрүнүн кызматтык кийими менен, беткабы да жок жүрүшөт. Машинебиздин күйүүчү майы түгөнүп, жолдо токтоп турабыз. Өздүк машинеси бар балдар, бензин алып келип бергиле».

Сузак районунун Благовешенка айылындагы карантинтик пост.

Милициянын сержанты Бектур Ойдонкуловдун бул маалыматтарды айтып тарткан видеосу Интернетке өткөн жумада тараган. Кызматкер Сузак районунун Благовещенка айылындагы карантиндик постто кызмат өтөйт. Бектур кыска тасманы агасына гана жөнөткөнүн, бирок ал жерде айтылгандардын баары чындык экенин айтты:

«Бир күнү агам телефон чалып, абалымды сурап калды. «Коргоочу кийимдер берилип жатыптыр, телевизордон көрдүк, өзүңдү жакшы кара» деди, мага. Агама андай эмес экенин айтып, аны видео аркылуу тартып, жөнөткөн болчумун. Ал кантип Интернетке тарап кеткенин билбейм. Мен болгону видеодо чындыкты айтып бергем. Видео тарагандан кийин «эмнеге чыгарасың, айтпай эле жөн жүрсөң болбойт беле» дегендер болду. Ошол себептен мени жумуштан кетиришти. 27-апрелде облустук ички иштер башкармалыгынын кадрлар бөлүмү чакырып, жумуштан бошотуу тууралуу буйрукту көрсөттү. Документке «Мага коюлган айыптарга макул эмесмин» деп жазып, кол коюп бердим. Буйруктун көчүмөсүн сурасам «ички иликтөө кызматынан аласың» деп бербей коюшту. Бир күн кечке күтүп, буйруктун көчүрмөсүн облустук ички иликтөө кызматынан да ала албадым. Кызматтын жетекчисине барсам, «сага берилбейт, кызматтык күбөлүгүңдү тапшырып чыгып кете бер» деп койду. Мен мурдараак ошол жетекчиге «сөгүш же жарым-жартылай тартиптик жаза берсеңер, жумушта иштеп турайын» деп суранган болчумун. Бирок ал «министрдин буйругу ушундай болгон, аны өзгөртө албайм» деп кетип калды».

Видео материал Интернетке тараган соң Ички иштер министрлигинин Жалал-Абад облусундагы ички иликтөө кызматы сержанттын аракети боюнча кызматтык иликтөө баштаган. Милиция айтылган маалыматтардын баарын чете кагып, ал атайылап уюштуруу иштерине көө сүйкөө максатында тартылганын кабарлаган.

Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков 25-апрелдеги онлайн брифингде буларды айткан:

Жеңиш Жоробеков.

«Ооба, видеону көрдүк. Телеканалдан блокпосттордо жумуш жүргүзүлүп жатканы боюнча толук, так маалымат кеткен. Социалдык тармакта жеке чөнтөк телефонго тартылган видео кетип жатат. Байкаган адамга ал милиция кызматкерлери катарга турар алдында тартылган. Туура эмес маалыматтарды кошуп сүйлөгөн. Бул боюнча кызматтык тескөө болуп жатат. Видеосюжет тарткан жана аны тараткандар аныкталды. Калптын казаны кайнабайт. Тарткан адамдын кандай максатта тартканы белгилүү. Атайын бирөөнүн буюртмасы менен тартылган, чындыкка дал келбейт».

Тартиптик жаза берүү жөнүндө буйрук.

25-апрелде облустук ички иликтөө кызматынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын сержанты Бектур Ойдонкулов жазага тартылып, кызматтан алынган. Бектурга карата ички иштер органы жөнүндө мыйзамдын талаптарын жана ички этиканы бузду деген айып коюлган. Ошондой эле «кол алдындагы кызматкерлерине тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзгөн эмес» деген жүйө менен облустук милициянын кайгуул-күзөт кызматынын улук инспекторуна эскертүү жана өзгөчө ротанын командирине сөгүш берилген.

Облустук милициянын басма сөз кызматкери Нурдин Жээнтаев буларга токтолду:

Нурдин Жээнтаев.

«Өзүнүн функционалдык милдеттерин аткаруудан четтеп, жумушка жөндөмдүүлүгү жоктугун, өздүк курам арасында кадыр-баркы жок экендигин, ээлеген кызматына татыктуу эмес экенин көрсөттү. Жалпы коомчулукка жалган маалыматтарды таратып, «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамдын талаптарын жана ошондой эле «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамды, «Ички иштер органынын ички кызматынын Уставын бекитүү жөнүндө» буйрукту, ички иштер органынын кызматкерлеринин кызматтык этика кодексин бекитүү жөнүндө буйруктун талаптарын бузган. Андан сырткары укук коргоо органдарынын тартиптик уставында каралган кызмат өтөө тартибин одоно түрдө бузгандыгы үчүн Ойдонкулов Бектур Бекбулатович облустук милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзгөчө ротасынын милиционеринин кызматынан бошотулду».

Дагы караңыз Милициянын санааркаткан коопсуздугу

30 жаштагы милициянын сержанты 2017-жылдан бери ички иштер органдарында иштейт. Ал Кыргызстанда алгачкы ирет коронавирус аныкталган 18-марттан бери Сузак районунда илдеттин очогу болгон Благовещенка, Орто-Азия айылдарында коопсуздукту камсыз кылууга тартылган. Бектур кызмат учурундагы тобекелчиликтер тууралуу буларды айтып берди.

«Блокпосттордо күнүнө 12 саат күзөттө турабыз. Кечки саат 7ден таңкы 8ге чейин жумушта болом. Бизге күнүнө бир жолу колдонууга боло турган беткап берилет. Өзүм кошумча сатып алып колдонуп жаттым. Мээлей жана антисептик бирден берилген. Башында коргоочу кийимдер берилет деп айтылганы менен аткарылган жок. 500 сомго өзүм сатып алганым менен колдоно албадым. Анткени башка кесиптештеримден айырмаланып, артыкчылык кылууну каалаган жокмун. Алардын алдында мен гана форма кийип жүрсөм туура эмес болмок. Мен ушул формам менен эл аралап жүрүп, үйгө ушул боюнча барам. Үй-бүлөмө барган соң сөзсүз колду жууп, өзүм да баш-этек жуунуп, кийимдеримди күнгө жайып, анан гана балдарымды кучактайм. Күзөткө келгенде бир маал демөөрчүлөрдүн эсебинен тушенка менен башка азыктар берилет. Аны түнкү саат 12де жейбиз. Карантин башталган алгачкы күндөрү 2-3 күн үйгө барбай, унаада уктап түнөп жүрдүм. Анткени коронавирус чыккан айылдарда иштегендиктен үй-бүлөмдүн саламаттыгынан кооптондум. Азыр карантиндик блокпосттордо күзөттө турган аскер кызматкерлерине ак түстөгү коргоочу кийимдер берилген, ошол эле жердеги милиционерлерге жок».

Бул боюнча сотко кайрылайын деп жатам.

Бектур Ойдонкулов - үч баланын атасы. Пенсия курагындагы апасы менен бирге жашайт. Үй-бүлөдө Бектурдан башка иштеген киши жок. Жумуштан бошоп калганын апасына айта элек. Милиционер жумуштан мыйзамсыз бошодум деп эсептеп, алдыдагы күндөрү сотко кайрылганы турат:

«Жумуштан бошогонум тууралуу үй-бүлөмө айта элекмин, эгер укса алар кыжаалат болушат. Апам 2 миң сомдой пенсия алат, баарын өзүм багам. Улуу балам мектепке, кийинки экөө бала бакчага барат. Кесиптештеримдин баары мени колдоп жатат. Айрымдары «ушунча болду, айлык маянабызды да айтып койбопсуң. 3 эсе кошулуп төлөнөт деген маяна берилген жок» деп жатышат. Чындыгында мен да бул айда өзүмдүн гана мурда алып жүргөн айлыгымды алдым. Кошумча маянаны сезгеним жок. Мага эмне айып коюп, кайсы берененин негизинде жумуштан бошотулганым тууралуу кабарым жок. Чечим боюнча тааныштырып, мага көчүрмөсүн бериш керек болчу. Бул боюнча сотко кайрылайын деп жатам. Балким мени арызданбасын деп бербей жатышкандыр. Эгер кокустан мага оору жугуп калган болсо, анда мага карата дагы бир текшерүү жүгүзүлмөк. Балким ишине кайдыгер мамиле кылды деп иш козгомок».

Дагы караңыз Президент: милиция жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болушу керек

Өзгөчө абал шартында иштеп жаткан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин көпчүлүгү ачык айта албаса да алардын муктаждыктары толук чечилбей жатканын укук коргоочулар айтып эле келе жатышат. Коргонуучу каражаттар, тамак-аш жагынан ыктыярчылар кол кабыш кылып, абалдан чыгып жатканын милициялар өздөрү деле четке какпайт.

Милициянын ардагери Муктар Исмаилов сонку окуяда сержантка карата туура эмес текшерүү болгон деп эсептейт.

Муктар Исмаилов.

«Муну менен Ички иштер министрлиги башка кызматкерлерге да эскертүү иретинде белги берип жаткандай. Ачыгын айтканда ички иликтөө кызматы өз жүйөсүндө келтирген беренелер таптакыр туура эмес жана атайылап жазылган болуп калыптыр. Милиция жетекчиси кол алдыгыларды коркутуп, басынтып жатканы көрүнүп турат. Бул жерде адам укуктарын коргогон милиционердин өзүнүн укуктары бузулуп жатат. Кызматкердин айыбы кесиптештери кабылган кыйынчылыктарды ачыкка чыгарганында болуп жатат. Ички иликтөө кызматы мындай наадандыкка барбашы керек болчу», - деди ал.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өлкө аймагындагы блокпостторго күн сайын 5 000ден ашуун милиция кызматкери жана 500 транспорт каражаты тартылып жатат. Ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыз кылыш үчүн республиканын шаарлары менен райондорун күн сайын миңден ашуун милиция кызматкери күзөтүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, учурда илдетке чалдыккандардын 12си ички иштер органдарынын кызматкерлери. Министрлик баштапкы териштирүү ал кызматкер жумуш учурунда оору жуккан бейтап менен контактта болушу ыктымал экенин кабарлаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​