Орусия Кантка жаңы түзүм орнотот

Канттагы авиабаза.

Орусия Кыргызстандын Кант шаарындагы авиабазасына аба соккуларынан коргонуу тутумун жайгаштырууну көздөп жатканы белгилүү болду.

Бул тууралуу «РИА Новости» агенттиги Орусиянын коргоо министринин орун басары Николай Панковдун сөзүнө таянуу менен маалымат таратты. Николай Панков бул жөнүндө Орусиянын Канттагы аскер-аба базасынын жаңы макамы жана анын жайгашуу шарттары боюнча кошумча протоколду ратификациялоо тууралуу Мамлекеттик Думада маалымат берип жатып билдирген. Протоколдо Кант авиабазасынын аянтын кеңейтүү жана орусиялык учкучсуз учактарды Кыргызстандын аймагында чогуу-чаран колдонуунун шарттары каралган. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусия менен Кыргызстандын ортосунда аба соккусунан коргонуунун биргелешкен чөлкөмдүк тутумун түзүү боюнча өзүнчө эл аралык келишим даярдалып жатканын жарыялады.

Орусиянын жаңы демилгеси

Президент Владимир Путиндин былтыр Кыргызстанда өткөн расмий сапарынын алкагында Орусиянын бирдиктүү аскер базасы боюнча келишим жаңыртылган.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын өкүлү Гүлзат Жарашева бул макулдашууга кошумча даярдалган протокол ратификациядан өтүп жатканын билдирди:

«Азыркы учурда тараптар протоколду ратификациялоо боюнча ички процедураларды өткөрүп жатышат. «Аба соккуларынан бирдиктүү чөлкөмдүк коргонуу каражаттары» деген ал документке азырынча кол коюла элек. Документ азыр даярдалып бүтүп, ички процедуралардан өтүп, кол коюлган соң Орусия менен Кыргызстандын парламенттеринин бекитүүсүнө жөнөтүлөт. Ал жактан ратификациядан өткөндөн кийин бул документ күчүнө кирет».

Дагы караңыз Орус базасы боюнча келишимдин чоо-жайы

Аба мейкиндигин коргоонун машакаты

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Канттагы аскердик базага учкучсуз учактарды алып келүү жана аэродромдун учуп-конуу тилкелерин оңдоо иштери аймактын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган деп эсептейт. Протоколго ылайык, базанын аянтын кеңейтүү жана учкучсуз аппараттарды Кыргызстандын аймагында чогуу колдонуу шарттары бекитилген. Орусия аба базасын оңдоп-түздөп, андан соң анда аба соккуларынан бирдиктүү коргонуу тутуму жайгаша турганы белгиленди.

Биздин мамлекет өзүнүн аба мейкиндигин өзү коргоого жөндөмдүү болуп, тиешелүү жабдуу алып келип орнотуп, өзүбүздүн адистерди даярдай албаганыбызга жүрөгүң ооруйт.


Коргоо министринин мурдагы орун басары Мурат Бейшенов өлкөнүн аба мейкиндигин коргоодо бул иш-чара маанилүү экенин айтып, бирок аны биргели пайдалануунун шарттары боюнча маселе бар деген оюн айтты:

«Аэродромду азыркы заманбап аскердик учактар учуп-коно тургандай кылып кеңейтүү жана оңдоо маселеси мурдатан бери эле келе жаткан. Бул тууралуу мурда эле макулдашылган. Анан экинчиден биздин аба мейкиндигибизди сакташ үчүн аба соккуларынан коргоо тутумунун болгону жакшы. Бирок бир жагынан биздин мамлекет өзүнүн аба мейкиндигин өзү коргоого жөндөмдүү болуп, тиешелүү жабдууларды алып келип орнотуп, өзүбүздүн адистерди даярдай албаганыбызга жүрөгүң ооруйт да. Анан дагы аскер учкучтарын ошол аэродромдо даярдап, аларды учууга машыктыруу боюнча иш-чараларды да күчтөндүрүп, жакшыртуу зарыл. Бул боюнча да макулдашууда шарттар камтылган. Анан авиабазаны тейлөөнү Орусия тарап биротоло өзүнө алып алса жакшы болот эле. Андагы суу, электр энергиясы сыяктуу коммуналдык тейлөө кызматтары үчүн биздин мамлекет төлөйт. Анан базага караштуу жерди пайдаланганы үчүн ижара акысы арзан бекитилген. Анан калса ал ижара акысы акчалай түрүндө бизге келип түшпөйт. Ал каражаттын эсебинен биз Орусиянын аскер окуу жайларында курсанттарды даярдайбыз».

Дагы караңыз "Аскер базасын ачуу - Кремлдин эле дымагы"

«Эл аралык терроризм жана экстремизм коркунучу, Борбор Азиядагы коопсуздук маселелери бизден чечкиндүү аракеттерди талап кылат. Кыргызстан - геосаясий жайгашуусу жагынан Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун маанилүү мүчөсү. Ошондой эле Канттагы Орусиянын аскердик базасы да чөлкөмдөгү коопсуздукту камсыз кылууда башкы орунда турат», - деп жазылган Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы тараткан маалыматта.

Аба чалгынына каршы туруу

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков жаңыдан жайгаша турган аба соккуларынан коргоо тутумунун миссиясы тууралуу мындайча түшүндүрмө берди:

Артур Медетбеков.

«Аба соккуларынан коргоо тутуму Кыргызстандын аба мейкиндигин коргоону камсыз кылууга гана жооп бербестен, ал мүмкүн болуучу душманга каршы аскердик аба чалгынын да жүргүзөт. Анткени биз баарыбыз көп жылдан бери тынчыбай келе жаткан Ооганстан бизден анча алыс эмес жайгашканын эң мыкты түшүнөбүз. Ошондой эле чоң коңшулаш өлкөлөрдүн аба чалгындары бизге жакын жайгашкан. Ошондуктан Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна кирген мамлекеттер өздөрүнүн жердеги чек арасын гана эмес, бирдиктүү аба мейкиндигин да ар кандай чагымдардан, ар кандай аба чалгын иштеринен коргошу керек болот».

Ал эми коргоо министринин мурдагы орун басары Мурат Бейшенов Орусиянын Канттагы аскер-аба базасы КМШнын аймагынан сырткаркы аба соккуларынын коркунучтарына каршы турууга багытталганын белгиледи. Бирок ал чөлкөмдөгү аскердик чыр-чатактарды жөнгө салууга анын ыйгарым укугу чектелгенин да эске салды:

ЖККУнун мүчөсү болгон өлкөлөрдүн ортосунда аскердик чыр-чатак чыгып кетсе Орусиянын бул аскер базасы бизге жардам бере албайт.

«Бизге сырттан коркунуч туулганда абадан жардам берүү жагы макулдашууда каралган. Бирок бул ЖККУ уюмуна кирбеген мамлекеттер тарабынан болгон коркунучтарга гана тиешелүү. Ал эми уюмдун мүчөсү болгон мамлекеттердин ортосунда аскердик чыр-чатак чыгып кетсе, анда Кудай сактасын, Орусиянын бул аскердик базасы бизге жардам бере албайт. Орусия уюмдун ичиндеги чыр-чатактарды жөнгө салууга кирише албайт. Ошондуктан биздин мамлекеттин Куралдуу күчтөрүн, анын ичинде аскер-аба күчтөрүн өзүбүз түзүп, өзүбүз өнүктүрсөк жакшы болот эле».

Кыргызстанда Орусиянын төрт аскердик объектиси жайгашкан. Алардын эң ириси - Канттагы авиабаза. Ал 2003-жылы Канттагы эски аскер аэродромунун базасында ачылган. Жаңы макулдашууга ылайык, Орусия бирдиктүү базага караштуу жерди пайдаланганы үчүн Кыргызстанга жылына 4 миллион 794 миң доллар төлөй турган болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​