Ысык-Көлдөгү жөө күлүктөр жарышы
Жөө күлүктөрдүн жарышы Чолпон-Ата шаарынын ат майданынан башталды.
Эл аралык марафонго дүйнөнүн 35 өлкөсүнөн 3 миң адам катышууда.
400 киши 21 чакырымга, 100 киши 42 чакырымга, 800 киши 10 чакырымга жана 3 чакырымга чуркоо үчүн 800дөн ашык киши катталган.
Марафондун эң кенже катышуучусу алты жашта, эң улуусу 83 жашта.
Аталган эл аралык марафонду Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ачып, катышуучуларга ийгилик каалады.
Чолпон-Ата шаарындагы ат майдан.
Катышуучулар 42 чакырым 195 метр, 21 чакырым 97 метр (жарым марафон), 10 жана 3 чакырым аралыктарда жарышты.
Катышуучулардын жаш курагы чектелген эмес. Ошондуктан чуркагандардын арасында жашы улгайгандарды да көрүүгө болот.
Быйылкы марафон ушуну менен 9-жолу өтүп жатат. Былтыр пандемияга байланыштуу эл аралык марафон өтпөй калган.
Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону «квалификациялык» деп таанылып, олимпиадалык нормативди толтурган спортчуларга дүйнөлүк чемпионатка, Олимпиада жана Азия оюндарына жолдомо берилет.