Жаңжалда жабыркаган Максат

Чек арадагы жаңжалдан кийин талкаланган үйүнүн ичинде турган аял. Максат айылы. 2-май, 2021-жыл. 

Максат айылынын кире беришиндеги жерге казылган окоп. 2-май, 2021-жыл. 

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-30-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү.

Октун калдыктары. Максат айылы. 2-май, 2021-жыл. 

Жоокердин кийими. Максат айылы. 2-май, 2021-жыл. 
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-майда, Максат айылында 11 үй, Максат чер ара бекети жабыркаганын билдирди. 

Максат айылы 1994-жылы түптөлгөн. Лейлек районун Кулунду айыл өкмөтүнө карайт.

"Азаттыктын" кабарчысы Айбек Бийбосунов Максат айылындагы айрым үйлөрдүн орду эле калганын билдирди. 

Максат айылында 150дөн ашык кожолук бар.

Максат айылындагы көчөлөрдүн бири. 

Максат айылындагы өрттөнгөн мектеп. 2-май, 2021-жыл.

235 окуучуга ылайыкталган бул мектеп Максат айылына 2014-жылы курулган. 

Мектептин күлгө айланган имараты. Максат айылы. 2-май, 2021-жыл. 

Мектептин ичиндеги жазуу. Максат айылы. 2-май, 2021-жыл. 

Максат айылындагы жалгыз мектеп. 2-май, 2021-жыл. 

Максат айылындагы мектеп. 2-май, 2021-жыл. 

Өрттөлгөн үйлөрдүн терезеси. Максат айылы. 2-май, 2021-жыл. 

Максат айылы Кыргызстандын эң четки айылдарынын бир болуп саналат. 

Максат айылы. 2-май, 2021-жыл. 

Максат айылы. 2-май, 2021-жыл. 

Максат айылы. 2-май, 2021-жыл. 

Максат айылы. 2-май, 2021-жыл. 

Максат айылындагы көчө. 2-май, 2021-жыл. 

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда жалпы 78 үй, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир балдар бакчасы, 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн, үч чек ара бекети жана Ички иштер министрлигинин бир имараты жабыр тарткан.