Жер көчкү: Кооптуу жердеги жашоо

Өзгөн. 30-апрель, 2017-жыл.

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында бир жумадан бери жааган жамгырдан улам ӨКМ жер көчкү жүрүшү мүмкүн деген жерде жашагандарга эскертүү берди. Бирок ага карабай кооптуу аймакта жашагандар ордунан козголбой жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Кыргызстанда 3909 түтүн кооптуу аймакта жашап жатканын маалымдады. Мекеменин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин директору Анаркул Айталиевдин айтымында, Ош облусунда 2406, Жалал-Абадда 1367 түтүн кооптуу аймактарда жашоосун улантууда. Анаркул Айталиев ал жарандарга сел, суу ташкын, жер көчкү коркунучу бар аймактан көчүү боюнча ӨКМ корутунду берип, сот чечим чыгарса да ордунан козголбой жатканын билдирди:

«Кыргызстан боюнча 5000 участокто жер көчкү коркунучу бар. Анын 1186сы эл жашаган аймакка, жолго, көпүрөлөргө, электр линиясына коркунуч жаратат. ӨКМ кооптуу аймакта жашаган элге эскертүү берип жатат. Бирок дагы эле ошол аймакта жашап жаткан үй-бүлөлөр көп. Жаан-чачындын убагы башталды. ӨКМдегилер азыр кооптуу аймакта жашап жаткан элди убактылуу көчүрүш үчүн чатыр тигип жатабыз. Азыр коронавируска байланыштуу шаарлардан, Орусиядан мигранттар айылга барды. Кооптуу аймакта жашаган эл көбөйүп жатат. Элге убактылуу болсо да баш калка даярдоонун аракетиндебиз».

Кооптуу аймакта жашаган 2400 үй-бүлө башка жактарга көчүш үчүн мамлекеттен ссуда алган. Бирок алар дагы эле кооптуу аймактарда жашап жатышат. Мамлекет берген ссуданын жалпы суммасы 200 миң сом, анын 50 миңи кайтарымсыз каражат катары берилет. Учурда мүлктү камсыздандыруу боюнча мыйзамга ылайык ссуда берүү токтотулган.

Зергер айылынын тургундарын эскертүү иши. 15-апрель, 2020-жыл.

Өзгөн районунун Аюу айылында 2017-жылы 29-апрелде 24 адамдын өмүрүн алган жер көчкүдөн кийин Зергер айыл аймагындагы 479 үй-бүлөгө аймактан көчүү боюнча ӨКМ корутунду чыгарып берген. Анын ичинен 353 кожолукка там салыш үчүн башка аймактан жер тилкеси берилген. Зергер айыл аймагынын башчысы Динмухаммед Бокошевдин айтымында, 28 үй-бүлө гана там куруп көчүп чыкты. Зергер айыл аймагындагы жер көчкү коркунучу бар аймактан кетпей жашап жаткан 116 үй-бүлөгө аймактан көчүп кетүү боюнча сот чечим чыгарган.

«2017-жылдагы жер көчкүдөн бери элдерге эскертип келе жатабыз. Айыл аймактын жер адиси, ӨКМдин өкүлү менен бирге айылдарды кыдырып эскертип жатабыз. Жаан-чачын убагында кооптуу аймакта жашап жаткан адамдарды жакындарынын үйүнө болсо да көчүрүп турушубуз керек», - деди Динмухаммед Бокошев​.

Ушу тапта Баткен облусундагы кооптуу аймактарда 90 түтүн эл жашап жатат. Сүлүктү шаарынын тургуну, жер көчкү коркунучу бар аймакта жашап жаткан Одулжан Мухамадиев башка аймакка көчүп кетүүгө шарт болбой жатканын айтты. Ал жашаган аймакта 1993-жылы тоо боорунан жер көчүп, башка аймакка көчүп чыгуу зарыл экендиги тууралуу ӨКМ 2016-жылы корутунду чыгарган.

«Мага эскертүү берилген. Бирок мен кантип көчүп чыгам? - деп суроо койду ал. - Каражатым жок, пенсионермин. Берген 200 миң сом ссуда эч нерсеге жетпейт. «Там салыш үчүн жер тилкесин Кадамжай районунун Бүргөндү аймагынан беребиз» деп жатышат. Мен ал жакта кантип тиричилик өткөрөм? Азыр үйдө беш киши жашайбыз. 1993-жылы жер көчкү менин үйүмдөн жогору, беш үй нары келип токтогон. «Кудай сактасын» деп жашап жатабыз».

Өзгөндөгү жер көчкөн Аюу айылы. 29-апрель, 2003-жыл.

Кыргызстанда адам өлүмү менен коштолгон бир нече жер көчкү түшкөн. 2003-жылы Өзгөндө жер көчкү бир айылды басып калып, 40 адам каза болгон. 2009-жылы Аксыдагы жер көчкүдө Райкомол айылынын 16 тургуну мерт болгон, анын 11и жаш балдар болчу.

5-апрелде синоптиктер жакынкы күндөрү Кыргызстанда аба ырайы туруксуз болуп, айрым жерлерде үшүк жүрөрүн, ал эми кээ бир аймактарда сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертишкен.

Ал эми 16-апрелде жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автожолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана Чычкан капчыгайында, Ала-Бука - Каныш-Кыя автожолундагы Чапчыма ашуусунда, Каракол-Эңилчек автожолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүшү ыктымал. Айрым жерлерде жолго муз тоңуп, тайгак болот.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​