Косоводо серб саясатчысы атып өлтүрүлдү

Косоводогу этникалык лидерлердин саясий лидери, маркум Оливер Иванович.

Косоводо сербдердин саясий лидери Оливер Иванович атып өлтүрүлдү. Ага 16-январда эртең менен Митровица шаарынын сербдер көп жашаган түндүк бөлүгүндөгү өзүнүн иш кеңсесинин алдында ок атылган. Саясатчынын өлтүрүлүшүн Евробиримдик кескин сынга алды.

Косовдогу этникалык себрдердин саясий лидери Оливер Ивановичке таңкы сегиздер чамасында бир нече ирет ок атылып, бир саат өтпөй ал Митровица шаардык ооруканасында көз жумган. Бул тууралуу анын адвокаты Небойса Влайдич "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун балкан кызматына маалымдады. Анын айтымында, саясатчыга беш ок тийген.

Митровица шаарындагы саясатчыга ок атылган аймак.

Косово бийлиги Ивановичтин өлтүрүлүшүн кескин сынга алды. Президент Хашим Тачи "Фейсбуктагы" баракчасына жазган билдирүүсүндө күч түзүмдөрүн кылмыштын бетин мүмкүн болушунча тезирээк ачууга чакырды. Ал ошондой эле Косово жарандарын полиция менен кызматташууга үндөдү.

Косовонун өкмөтү этникалык сербдердин саясий лидеринин өлтүрүлүшүн “мыйзам үстөмдүгүнө, мыйзам үстөмдүгүн орнотуу аракеттерине кол салуу” деп баалады.

Кандуу окуя болгон күнү Белград менен Приштина бир жылга созулган тыныгуудан кийин алакаларды жакшыртууга багытталган сүйлөшүүлөрдү башташкан.

Брюсселде өтүп жаткан сүйлөшүүдөн сербиялыктар чыгып кетти. Бул тууралуу серб делегациясынын башчысы Марко Журич кабарлады. Ал саясатчыны өлтүрүү менен кайсы бир күчтөр серб элин жана Сербияны башаламандыкка түрткүсү келерин айтты:

- Мунун артында ким турбасын, ал албан болобу, серб болобу же башка улуттагы кылмышкерби, сөзсүз жазаланып, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы зарыл.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини окуя болгондон кийин Сербия жана Косовонун президенттери менен телефон аркылуу сүйлөштү. Ал тараптарды “сабырдуулукка жана мыйзам үстөмдүгүн орнотууга” үндөдү. Бул тууралуу Могерининин маалымат катчысы Майя Котсиянич Брюсселден билдирди.

- Евробиримдик Түндүк Митровицадагы Оливер Ивановичтин өлтүрүлүшүн кескин айыптайт. Биз анын жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз. Бул окуя боюнча Косоводогу тиешелүү органдар кылмышкерлерди таап, жоопкерчиликке тартуу үчүн колунан келген бардык аракеттерин көрүшү зарыл.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссарынын маалымат катчысы Мая Котсиянич

​Косово өз алдыначылыкты 2008-жылы эле жарыялаган, бирок Белград тааныбай келет. Эки тараптын алакаларынын жакшырышы Сербияга да, Косового да Евробиримдикке мүчө болуусу үчүн коюлган шарттардын эң башкысы.

- Алакаларды нормалдаштыруу тууралуу жумушчу топтордун деңгээлинде башталмак, дээрлик башталып калган, бирок үч күнгө токтоп калды. Азырынча мен качан башталарын так айта албайм, -деди Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссарынын маалымат катчысы Мая Котсиянич.

Серб президенти Александр Вучич Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакырып, Оливер Ивановичтин өлтүрүлүшүн "террордук акт" деп атады. Ал ошондой эле Косоводогу эл аралык миссиялардан Белградды кылмышты иликтөө ишине кошууну талап кылды.

Сербиянын президенти Александр Вучич.

Оливер Иванович 2009-жылдан бери Косоводо “Эркиндик, Демократия, Адилеттик” деп аталган жарандык демилгенин лидери эле жана алардын талапкерлери былтыркы жергиликтүү шайлоого катышкан.

Ал Косово 2008-жылы Сербиядан эгемендигин жарыялаганына карабай, 2008-2012-жылы Сербия өкмөтүнө кирип, Косово боюнча министрликте мамлекеттик катчынын кызматын аркалаган.

1998-99-жылдардагы согушка чейин Косово Сербиянын автоном аймагы болуп турган кезде Иванович Митровица шаарындагы кенди башкарган.

Евробиримдиктин “Мыйзам үстөмдүгү” миссиясынын соттору былтыр январда Ивановичти "1998-99-жылкы согуш учурунда албандарга каршы аскерий кылмышка барган" деп таап, тогуз жылга түрмөгө кескен.

Бирок бул өкүмдү Приштинадагы апелляциялык сот бир айдан кийин эле жокко чыгарган.

Учурда бул иш сотто кайрадан каралып жаткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.