Кой-Таш операциясы: сүрөттө калган ирмемдер

Чогулгандар дөңгөлөктөрдү өрттөп жолду тосушту. 

Айрымдар журналисттердин камерага тартпоосун талап кылып таш менен коркутушту. 

Окуя Бишкектен Кой-Ташты көздөй бара турган жолдо, Кой-Ташка 8дей чакырым алыс жерде болду.

Атамбаевдин үйүнүн жанында отурган "Тез жардам" кызматынын дарыгери.

Атмабаевдин үйү. 

Атайын бөлүктүн аскерлери кулак тундуруучу, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонууда.

Кой-Таштан келаткан "Тез жардам" кызматынын унаалары. 

Атамбаевдин үйүнүн ичи талкаланды. 

500дөй милиция кызматкери Кой-Таштан төмөнкү айылдарды аралап, Бишкекти көздөй түшүп келатат.

Кой-Ташка жакын жердеги жол тосулду. 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы 8-августта кечки саат төрттө башталган.

8-августта Кой-Таштагы окуялардан улам медициналык мекемелерге 20 адам кайрылды. Жалпысынан кечээтен бери жабыркагандардын саны 98 адам жетти. 

Атамбаевдин үйүнүн ичи талкаланды. 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түштү.