Атамбаевдин үйү азыр кандай абалда?

Үйдүн ичиндеги таштар. 

Алмазбек Атамбаевдин президент кезинде сүйлөгөн сөздөрү жазылган китеп.

7-августта УКМКнын «Альфа» тобу Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн суракка алып кетүүгө аракет кылган. Атайын кызмат желим октон башка курал колдонулбаганын билдирген.

7-августта Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.

Атамбаевдин тарапкерлери «альфачыларды» ур-токмокко алганы кабарланган. Эртеси күнү Атамбаев алты жоокер анын үйүндө кармалып турганын тастыктап, түштөн кийин алар коё берилген.

Тамак-аш. 

Учурда Атамбаевдин туугандары үйдү тазалап жатышат. 

Алмазбек Атамбаевдин көйнөктөрү. 

Раиса Атамбаеванын сүрөтү. 

Атамбаев 8-августта кармалды. Азыр ал УКМКда.

7-8-августта Кой-Ташта жүздөн ашуун адам жараат алды, алардын бири - атайын кызматтын офицери каза болду. Жабыркагандар арасында Атамбаевдин тарапкерлери да, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери да бар.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы анын Кой-Таштагы үйүндө өттү. Милиция менен Атамбаевдин тарапташтарынын кагылышуусу маалында үйү талкаланган.