Өкмөт дартты жеңүү ыкмасын издеп жатат

"Тазалыктын" кызматкерлери Бишкектин көчөсүн жууп жатышат.

Коронавирус менен күрөштө Кыргызстан башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынан кандай сабак алышы керек? 

Кыргызстанда коронавирусту жугузуп алгандар катталгандан тарта эле "Вирусту андан ары кантип жайылтпай, кантип күрөшөбүз?" деген суроо эң башкы маселеге айланды. Учурда өлкө жетекчилери жугуштуу ооруну башынан өткөргөн мамлекеттердин тажрыйбасын колдонуп жатканын билдиришүүдө.

Маселен, 19-мартта парламентте сүйлөп жатып, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев пандемиянын алдын алууда дүйнөлүк ыкма колдонулганын айткан эле:

Мухаммедкалый Абылгазиев

«Коронавирустун алдын алуунун иштеринин алкагында миңдеген медиктерибиз окуудан өткөн. Бул Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жардамы менен ишке ашты. Алар Кытайдагы көрүнүштөрдү изилдеп, тажрыйба катары методикасын иштеп чыгышкан. Ошол ыкманын негизинде биздин дарыгерлер ооруга каршы күрөшүүгө даяр болушту».

Адистер дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирустун Кыргызстанда салыштырмалуу кечирээк аныкталганын артыкчылык катары колдонушу керек деп айтышууда. Анткени дүйнөлүк коомчулук илдетти жеңүүнүн айласын жапырт издеп, белгилүү бир тажрыйбага ээ болуп калды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Covid-19: Өзүңдү да, өзгөнү да сакта!


Азырынча Кыргызстанда көбүнесе эки өлкөдөгү абал: коронавирус эпидемиясынын эпкинин токтото алган Кытай жана учурда жугуштуу оору жайылып жаткан Италиядагы абал.

Коомдук ишмер Алмаз Кулматов учурда абалды көзөмөлгө алып, оорулардын санын көбөйтпөш үчүн бийлик менен коомчулук башка өлкөлөрдөн сабак алышы керек деген пикирде:

Алмаз Кулматов

«Буга чейин коронавирус жайылган өлкөлөрдүн тажрыйбаларын кылдат талдап, кайдан алдырып ийишти, эмнеден жазышты деген суроого жооп издешибиз керек. Биз туура чечимдерди кабыл алыш үчүн мүмкүнчүлүгүбүз бар. Анткени, башкалардын жетишкендиги менен ийгилигин көрө алдык. Бул жерде бийлик эле эмес, коомчулук да өзүн эле ойлой бербей, адамдар этикалык, адеп-ахлактык жүрүм-турумун оңдошу керек. Бул баарыбызга келген сыноо экенин түшүнүп, аны акыл менен гана жеңе алабыз».

Кыргыз бийлиги Кытайдын тажрыйбасын колдонобуз деген менен учурдагы аракеттер, оору жугузган адамдарды аныктоо, катуу изоляциялоо жаатында күчөтүлгөн чаралар көрүлбөй жатканы айтылууда.

Дагы караңыз Асел: "Манастагы" обсервациянын шартына нааразыбыз

Учурда чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанга киришине убактылуу чектөө киргизилди. Ал эми эпидемия жайылган өлкөлөрдөн келген кыргыз жарандары милдеттүү түрдө обсервацияга жаткырылууда.

Ушу тапта Жалал-Абад облусунун Сузак районунун бир катар айылдарында, Оштун Ноокат районунда жана Баткен облусунун үч айылында өзгөчө кырдаал жарыяланган. Бул айылдардын кире беришине блокпосттор коюлуп, укук коргоо органдарынын кызматкерлери кайтарып турат.

21-мартта өкмөт 22-марттан баштап өлкө боюнча өзгөчө кырдаал киргизиле турганын жарыялады.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ноокаттагы карантин: жолдо калгандар


Пандемиянын кесепетин азайтуу боюнча тажрыйбаны эске алганда географиялык, тарыхый шарттары бирдей Борбор Азия өлкөлөрүндө өзгөчөлүктөр болууда. Учурда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстанда 53, Өзбекстанда 41 адам илдетти жугузуп алганы аныкталды.

Кыргызстанда 21-мартка карата коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын саны 14кө жетти. Тажикстан менен Түркмөнстанда бул оору расмий түрдө каттала элек.

Аймакта алгачкылардан болуп Казакстан кескин чараларга барып, өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыялады. Орусиялык журналист Аркадий Дубнов Казакстан илдет менен күрөшүүдө Кытайдын ыкмасын колдонуп жатканын жазып чыкты.

Ал эми Өзбекстан өзгөчө кырдаал жарыялабаганы менен бир катар чектөөлөрдү киргизип жатат.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Марат Султанов Кыргызстан Кытайдын тажрыйбасын көбүрөөк колдонушу керектигин айтууда:

Марат Султанов

«Биздин медицина тармагы ошол эле Кытай, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдөн алда канча артта. Өзгөчө ооруну диагноз кылуу, аны аныктоо жаатында. Ошондуктан, биз бул өлкөлөргө караганда дагы күчтүү чараларды колдонушубуз керек. Экинчиден, Кытай коронавируска каршы күрөш боюнча Иран, Европа өлкөлөрүнө адистерин жиберип жатат. Биз Кытай менен ШКУнун линиясы боюнча, эки тараптуу деле мамилебизди колдонуп, айрыкча жабдыктарды алуу жаатында иш жүргүзүшүбүз керек».

Учурда өкмөт коронавируска каршы туруу боюнча Кытай менен тыгыз кызматташып жатканын билдирди. Ага ылайык, бул өлкөдөн вирусту аныктай турган тесттерди жана башка каражаттарды алуу пландалып жатканын билдирген.

Ошол эле кезде мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Кыргызстандагы кырдаал оору жуктуруп алган адамдар менен байланыштагылар өлкө аймагына тарап кеткенин башкы коркунуч деп атоодо.

Талантбек Батыралиев

Дарыгердин айтымында, учурда кыргыз бийликтери оору чыккан жерге көңүл буруу менен чектелбей, өлкө боюнча жапырт текшерүү жүргүзүш керек:

«Бул жерде эл аралык тажрыйба жакшы. Бирок көңүл бура турган башка жагдайлар да бар. Коронавирус биринчи жолу келип жаткандыктан, анын башка ооруларга кандай таасир тийгизип жатканы аныктала элек. Менин пикиримде азыр Түркия сыяктуу илимий-консультативдик комитет түзүү керек. Анткени, бул оорудан соң көп ооруларды мурда көнгөндөй дарылай албай калабыз. Сөзсүз таасири болот. Анын үстүнө ар бир өлкөнүн кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму, инфраструктурасы башкача болуп жатпайбы».

Ал ортодо Кыргызстандын Cаламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавируска байланышкан эпидемиологиялык абал курчуп баратканын жарыялады.

Жугуштуу илдет табылган алты кыргызстандыктын баары жакында Сауд Арабиясына умрага барып келишкени белгилүү болду.

Ошто 20-марттан тарта коомдук транспорт токтоду. Ысык-Көл облусундагы бардык пансионаттар жана эс алуу үйлөрү карантинге жабылды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

COVID-19: Кризис маалында сабырдуу болуңуз

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​