Караколду катуу шамал уйпалап өттү

Каракол шаарында 10-сентябрда болгон шамал бир нече турак жайдын чатырларын учуруп кеткен. 

Каракол шаарынын мэриясы билдиргендей, Нургазиев, Муктаров көчөлөрүндөгү жана ат майдандын айланасындагы 25тен ашуун жер тамдын, гараждар менен сарайлардын чатырлары талкаланып, автоунаалардын айнектерине урунган. 

Учурда Караколдун мэриясы түзгөн жарандык комиссия кырсыктын кесепетинен келип чыккан чыгымдарды аныктап жатат. 

Жеке ишкер Туратбек Абдыкадыровдун 11 жылдан бери иштетип келген күнөсканасы катуу шамалдын айынан керектен чыкты. 

Күнөсканада гүл, бадыраңдын бир канча түрлөрү өстүрүлүп келген. 

Туратбек Абдыкадыровдун күнөсканасынын 85 пайызы жараксыз абалда. 

Күнөскана ээси Туратбек Абдыкадыров 20 миилион сомго чыгым болгонун билдирди. 

Жергиликтүүлөрдүн айтымында шамалдын ылдамдыгы секундасына 27 метрди түзгөн. 

Катуу шамалдан шаардагы электр чубалгылары иштен чыккан. 

Шамал айрым үйлөрдүн терезелерин талкалаган. 

Кырсыктан зыян тарткан турак жайдын санын комиссия териштирип, канча адамдын үйү камсыздандырылганын тактап жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамал 20 үйдүн чатырын учуруп кеткенин жана жабыркагандар жок экенин кабарлаган.

10-сентябрда Каракол шаарында болгон шамалдын кесепетинен бир нече турак жайдын чатырлары талкаланды.