Жапаровдун адвокаты менен ЖАМКтын талашы

Мурдагы депутат Садыр Жапаров жана анын адвокаты Шарабидин Токтосунов.

Cаясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун камактагы мөөнөтү 2026-жылы аяктайт.

Мекеменин маалыматына караганда, Жапаровго чыгарылган өкүм аны жатак абакка же мөөнөтүнөн мурда бошотууга жол бербейт.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) 6-январда тараткан маалыматына караганда, Жогорку сот он жылга эркинен ажыраткан саясатчы Садыр Жапаровдун түрмөдөгү мөөнөтү 2026-жылы гана аяктайт.

Мекеме «уюшкан топтун же уюмдун курамында кылмыш кылган адамдар мөөнөтүнөн мурда камактан чыгышына же жатак абагына которулганына мыйзам жол бербей турганын» билдирген.

Экс-депутат Садыр Жапаров 6-февралдан тартып жатак абакка которулушу керек экенин анын адвокаты Шарабидин Токтосунов «Азаттык» үналгысына 5-январда кабарлаган. Ал Жапаровду жатак абакка которуу тууралуу ЖАМКтын чечимин да жарыялаган. Адвокат аталган мекемени «мурдагы чечиминен баш тартып, мыйзамды туура эмес чечмелеп жатат» деп сындады:

- ЖАМК эске салып жаткан өнөкөт кылмыш б.а. мурдагы Кылмыш-жаза кодексинин 16-беренеси жаңы мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу жокко чыгарылган. Садыр Жапаровдун кылмышы мурда «өзгөчө оор кылмыштарга» кирсе, жаңы мыйзам күчүнө киргенден кийин ал «оор кылмыштарга» кирип калды. Жазык кодексинин 12-беренесинин талабына ылайык, «соттолгон адамга, абакта отургандарга кайсы мыйзам жеңилдик алып келсе, ошол мыйзам колдонулат, кайсы мыйзам алардын абалын оорлото турган болсо, мыйзам колдонулбайт» деп көрсөтүлгөн. Эски мыйзам боюнча «оор кылмыш кылган адамдар жаза мөөнөтүнүн 3/1 бөлүгүн өтөгөн болсо жатак абагына, ал эми 2/1 бөлүгүн өтөсө мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулууга тийиш» деп көрсөтүлгөн. 2020-жылдын 5-февралында Садыр Жапаров жаза мөөнөтүнүн 3/1 бөлүгүн өтөп бүтөт. Ал жатак абагына чыгыш керек. Ал эми 2014-жылдын 27-январындагы мунапыс да Садыр Жапаровго колдонулуп, анын жаза мөөнөтүнүн 3/1 бөлүгү кыскартылышы керек. Бүгүнкү күндө аны колдонбой жатышат. Эгер колдонулган болсо мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулушу керек. Эгер мыйзамды аткарбайбыз дешсе, анда өздөрү жазып жаткандай мөөнөтүнүн акырына чейин Садыр Жапаровду бошотушпайт.

ЖАМКтын жообу

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы чын эле Жапаровдун адвокатына саясатчы 6-февралдан тартып жатак абакка которула турганы тууралуу маалымат берилгенин, бирок ал мыйзам талаптарына шайкеш келбегени үчүн жокко чыгарылганын кабарлады.

«Адвокаттын өтүнүчүнө жооп, ошондой эле социалдык тармакка жайгаштырылган маалымкат чынында эле Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 мекемеси тарабынан берилген. Бирок аны даярдоодо жана берүүдө мыйзамдын талаптары эске алынган эмес. Бул факты боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында ички кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгына карап, күнөөлүү адамдарга тартиптик чара көрүлөт», деп айтылат ЖАМК тараткан маалыматта.

ЖАМКтын бир эле мезгилдеги эки башка чечими коомдо түкшүмөл суроолорду жаратты. Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун болсо Жапаровдун ишинин чечилбей жатышына анын адвокатын күнөөлөдү:

- Адвокат деген андай болбойт да. Ал саясатчы, шоумен болуп жатпайбы. Өмүрбек Текебаевдин, Кубанычбек Кадыровдун, Бектур Асановдун, Бекболот Талгарбековдун адвокаттары жакшы иштеди, бири да саясатка аралашпай, саясий билдирүү кылган жок. Баары иштин укуктук гана жактарын айтып турушту. Негизи Садыр Жапаров да эркиндикке чыгышы керек, мурда эле чыгышы керек болчу.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү саясатчы Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернаторун барымтага алган» деген айыптын негизинде соттолгон.

Андан кийин чет өлкөдө кетип калган оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров 2017-жылы 25-мартта өлкөгө кайтып келгенде кармалган. Анын кармалышын тарапташтары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушундагы бийликтин куугунтугу катары баалашкан.

Былтыр апрелде саясатчынын ишин караган Жогорку сот аны он жылга кескен.

Жапаров абакта отурган кезде анын атасы, апасы жана уулу каза тапканы белгилүү.

Ноябрь айында Садыр Жапаров президенттен ырайым сураган. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков журналисттер үчүн уюштурулган декабрдагы басма сөз жыйынында Жапаровдун арызы каралып жатканын жана мыйзам боюнча чечилиши керек экенин айткан:

- Мен азыр Садыр Жапаров боюнча популисттик кылып сотко «сен мындай кыл» деп айтсам туура эмес болот. Сот системасы мамлекеттин өзөгү. Системаны реформа кылып, талап кылышыбыз керек. Бирок мыйзам чегинде чечкенди үйрөтүшүбүз зарыл. Мына, биз жаңыдан келгенде, жашырганда эмне, президенттик аппарат карап: «Муну эмне кылабыз?» деп айтып жатышты. Мен «мыйзам чегинде чечкиле, мыйзамдан чыкпагыла. Мыйзамды бузсаң жооп бересиң, сотсуңбу, ким болсоң да» деп айтып жатам. Азыр эми бул нерсе каралып жатат. Арыз бериптир. Кандай чечилет, бир мени менен чечилбейт, аны кийин угасыңар.

Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосуновдун маалыматына караганда, президенттен ырайым сураган өтүнүчкө эч кандай жооп боло элек.

Дагы караңыз Жапаровго президенттин "ырайымы" кечикти

2008-2010-жылдары Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссары болуп иштеген Садыр Жапаров 2010-жылы «Ата Журт» партиясынын катарында Жогорку Кеңешке экинчи ирет депутат болуп шайланган.

2015-жылдары Варшавада жүргөн кезинде «Саясатка аралашкан 10 жыл» деген китебин чыгарып, Атамбаев башында турган бийликти сындаган.

Садыр Жапаров 2008-жылы Каркыра жайлоосунун жерин Казакстанга берүүгө каршы ошол кездеги оппозициянын Ысык-Көлдөгү митингин үзгүлтүккө учуратып, саясатчыларды жумуртка менен урган акцияны уюштурганы айтылып келет. Садыр Жапаров кийин китебинде бул окуяга тиешеси жок экенин жазган жайы бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​