Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

ЖАМК: Садыр Жапаровдун камак мөөнөтү 2026-жылы аяктайт


Садыр Жапаров сот залында. 2017-жыл.
Садыр Жапаров сот залында. 2017-жыл.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун камактагы жаза өтөө мөөнөтү 2026-жылдын 5-октябрында аяктай турганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы 6-январда «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган маалыматка ылайык, Жогорку соттун Жапаровду 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча токтому анын мөөнөтүнөн мурда камактан чыгышына же жатак абагына которулушуна жол бербейт.

Экс-депутат 6-февралдан тартып жатак абакка которулушу керек экенин анын адвокаты Шарабидин Токтосунов «Азаттыкка» кабарлаган. Ал ЖАМКка кайрылып, Жапаровдун жатак абакка которуу мөөнөтү такталганын кошумчалаган эле.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү саясатчы Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган.

ЖАМК анын абактагы жаза өтөө мөөнөтү 2017-жылдын 25-мартында башталганын билдирген.

Былтыр ноябрь айында Садыр Жапаров президенттен ырайым сураган. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков журналисттер үчүн уюштурулган декабрдагы басма сөз жыйынында Жапаровдун арызы каралып жатканын жана мыйзам боюнча чечилиши керек экенин айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG