Бээжин - 2022: Кыргызстандын намысын жалгыз Максим коргойт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эл аралык мелдештердин катышуучусу жана жеңүүчүсү, лыжа спортунун чебери Максим Гордеев Кыргызстандын атынан кышкы Олимп оюндарына жолдомо алган жалгыз спортчу. Ал "Азаттык" менен болгон маегинде февралда Бээжинде өтчү Олимп оюндары, Кыргызстандагы тоо лыжа спорту жана Каракол лыжа базасы тууралуу ойлору менен бөлүштү.