Хоккей: Кыргызстан чемпион болду

Кыргыз хоккейчилери.

Хоккей боюнча IV дивизиондогу I Дүйнө чемпионаты 3-мартта башталган.

Акыркы турда Кыргызстан Кувейт командасы менен күч сынашты.

Кувейт курама командасынын оюнчулары.

Кыргыз хоккейчилери Кувейт курамасынын дарбазасына 14 шайба киргизди. 

​Чемпионаттын жабылышына президент Садыр Жапаров катышты.

Оюндун жыйынтыгында 14:0 эсебинде Кыргызстан курама командасы жеңишке жетип, аталган дивизиондун чемпиону болду.

Кыргыз хоккейчилери.

Күйөрмандар.

Бул мелдеш республиканын аймагында өткөрүлгөн спорттун олимпиадалык түрү боюнча биринчи дүйнөлүк чемпионат болду.

Төрт оюндун жыйынтыгы менен Кыргызстан 12 упай топтоп, биринчи орунду, Иран тогуз упай менен экинчи орунду, Сингапур алты упай менен үчүнчү орунду камсыздашты.

Мелдеште Кыргызстандын курамасы каршылаштарынын дарбазасына 64 шайба киргизип, эки шайба өткөрдү.

Чемпионатта Кувейт, Малайзия, Кыргызстан, Иран жана Сингапурдун командалары күч сынашты.

Эми кийинки жылы кыргызстандык хоккейчилер бир тепкич жогорку - үчүнчү дивизиондо башка командалар менен ойнойт.

​Чемпионаттын жабылышына президент Садыр Жапаров барып катышып, өлкөнүн курамасынын мүчөлөрүнө эстелик саат тапшырды.

Хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы дүйнө чемпионатынын 4-дивизионунун алтын байгесин утту. 8-мартта Кыргызстандын курамасы Кувейттен келген хоккейчилерди 14:0 менен утуп, жалпы жыйынтыкта биринчи орунга чыкты.