Эксклюзив: "Ак шумкарлар" оюндан кийин

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эксклюзив: "Ак шумкарлар" оюндан кийин

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы өз тарыхында биринчи жолу Азия кубогунун финалынын 1/8 бөлүгүндө ойноду. 21-январда алар Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен беттешип, 3:2 эсебинде утулуп калды. Кыргыз футболчуларынын ошол акыркы оюн тууралуу маектери.

21-январда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен Азия кубогунун алкагында финалдын 1/8 бөлүгүндө ойноду. Бул беттеш 2:3 эсебинде БАЭнин жеңиши менен аяктап, Кыргызстан чейрек финалга чыга албай калды. Бирок талдоочулар “ак шумкарлар” БАЭнин командасы менен тең тайлаша ойноп, мыкты оюн көрсөткөнүн белгилеп жатышат. Дегеле кыргыз футболчулары акыркы кезде чоң секирик жасаганы айтылууда. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы өз тарыхында биринчи жолу Азия кубогунун финалынын 1/8 бөлүгүндө ойноду. Буга чейин "ак шумкарлар" бул турнирдин тандоо бөлүгүнөн ары өтө албай келген болчу.

Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Азия кубогуна катышкан Кыргызстандын футбол командасы эртең, 24-январда кайтып келет. Алардын футболдогу жетишкендиктерине урмат көрсөтүү максатында Бишкектин Ала-Тоо аянтында атайын иш-чара өтөт. Ал саат 15:00дө башталып, бийликтен да жогорку өкүлдөрдүн келиши күтүлүп жатат. Бул салтанат шоу-концерт менен коштолот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.