Пандемия футболдук беттештерди өзгөрттү

Кыргызстандын Футбол бирикмеси эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу улуттук чемпионаттын курамына жана мелдештерди өткөрүү форматына өзгөртүү киргизди.
«Алга» жана «Алай» футбол клубунун оюнчулары беттеш учурунда.  

Футболчулар жана оюнду тейлеген калыстар гана майданда беткапсыз жүрсө болот. 

«Алай» командасынын оюнчулары аралыкты сактап сүрөткө түшүүдө. 

«Абдыш-Ата» командасынын оюнчулары быйыл формасын жаңыртты. Буга чейин клуб жашыл түстөгү форма менен ойноп келген.
Кыргыз футболдук бирикмесинин чечимине ылайык премьер-лиганын оюндары эки айлампада жана бардык оюндар Кант шаарында өтүп жатат. 

«Каганат» командасынын башкы машыктыруучусу Айбек Татанов жана анын жардамчысы беттеш алдында. 

Июндун башында «Алай» клубунун оюнчулары маянасын ала албай жатканын айтып, Ош шаарынын мэриясынын астына чыгышкан. Көп өтпөй клубдун эки оюнчусу коронавирус жугузуп алганы кабарланган.

Атаандаштарынын оюнуна көз салып отурган «Абдыш-Ата» командасынын оюнчулары. 

Коронавирус инфекциясынын таралышынын алдын алуу максатында оюндар көрүүчүлөрсүз өткөрүлүп, турнирди «Кыргыз Спорт ТВ» каналы түз алып көрсөтүүдө. 

Чемпионат жандангандан бери «Алай» командасы эки оюн өткөрсө, эки оюнда тең команданын африкалык чабуулчусу Кожо Жоел гол киргизди.
Буга чейин Кыргыз премьер-лигасы пандемиядан улам көпчүлүк клубдар кыскартууга барып, легионерлерден баш тартканын билдирген. 

«Кара-Балта» клубунун оюнчулары тыныгуу учурунда. 
Кыргызстандын премьер-лигасы ар бир клубга коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча тапшырмаларды берген. Ага ылайык ар бир футболчу үчүн өзүнчө суу куюлган бөтөлкө, сүлгү болушу керек.

Өлкө чемпионаты жандангандан бери жалпы төрт беттеш өттү. 7-августта өткөн эки оюнда «Илбирс» менен «Кара-Балта» 0:0 эсебинде, «Алай» менен «Абдыш-Ата» командалары 1:1 эсеби менен тең чыкты. 

«Каганат» командасынын оюнчулары беттеш алдында. Клуб ар бир футболчусу үчүн катар саны (ойногон номери) түшүрүлгөн атайын беткап жасаткан. 

«Нефтчи» командасынын оюнчулары Азамат Омуралиев менен Кайрат Изаков голго сүйүнүп жаткан учуру.
Экинчи турдун алкагында «Нефтчи» «Каганат» командасын 2:1 эсеби менен утту. 

Беттеш алдында топтор дезинфекцияланат. 

10-августа өткөн оюнда «Алга» «Алай» командасын 2:1, «Нефтчи» «Каганат» командасын 2:1 эсеби менен утту. Кийинки оюндар 13-августка пландалган. 

«Абдыш-Ата» командасынын башкы машыктыруучусу Александр Бельдинов. 

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген карантинден улам спорттук мелдештердин баары 21-марттан баштап токтотулган. Бул учур Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы болуп саналган Кыргыз премьер-лигасынын 1-турунун оюндары жаңыдан гана башталган мезгилге туш келген. 

«Каганат» футбол клубунун оюнчусу Максат Алимов. Чемпионат сентябрдын экинчи декадасында жыйынтыкталары айтылууда.

Жыл башында Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы болуп саналган Кыргыз премьер-лигасынын (Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатынын аталышы) быйылкы сезонунда тогуз команда ойной турганы айтылган. Бирок Ысык-Көлдүн «Лидер» футбол клубу каражаттын тартыштыгынан улам 20-июнда чемпионатка катыша албай турганын жарыялаган.

«Дордой» командасынын оюнчусу Мирлан Мурзаев машыгуу учурунда. Чемпионат жандангандан бери «Дордой» командасы беттешке чыга элек. Команданын оюну 13-августка пландалган. Мында ал «Каганат» командасы менен беттешет.

Кыргызстандын Футбол бирикмеси 7-августта, дээрлик үч айга жакын убакыт тыныгуудан кийин футбол боюнча өлкө чемпионатын жандантты. Коронавирус инфекциясынын таралышынын алдын алуу максатында оюндар санитардык эрежелерди сактоо менен өтүп жатат.